Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

ШАМИЛ БАСАЕВДИН БЕЙНЕСИ


Өткөн аптада орус бийликтери чечен сеператисттеринин лидерлеринин бири, коопсуздук кызматтарынын кара тизмесинде биринчи орунда турган Шамил Басаевдин каза тапкандыгын жарыялады. Кабарларга караганда, Басаев жардыргыч зат жүктөлгөн машинанын ичинде отурганда, машинасы жарылып кеткен.

41 жаштагы Шамил Басаев Орусиянын Чеченстандагы бийлигине каршы күрөшүн 1991-жылы баштаган. Анда ал Минеральные Водыдан Түркияга бараткан орусиялык жүргүнчү учагын барымтага алууга катышкан. Ошол эле жылы ал бейрасмий Кавказ элдеринин конфедерациясына кирип, 1992-жылы абхаз сеператисттеринин Грузияга каршы эки жылдык согушуна Түндүк Кавказдан согушчандардын батальонун баштап барат.

1994-жылы орус армиясы декабрь айында Чеченстанга киргизилгенде, Грозныйды коргоону уюштурган Басаев болгон. Жарым жылдан кийин аялы, эки баласы, дагы 8 урук-тууганы бомбалоодо набыт болот. Мындан көп өтпөй 130 чакты кишиси менен Ставрополь крайына багыт алат. Жолдо жол полициясы токтоткондо басаевчилер Буденовскидеги оорукананы басып алып, 1 миң кишини барымтага алат. Аларды бошотуу операциясында 100 чакты кишинин каны төгүлөт. Басаев калгандарын бошотуп, өзү Чеченстанга өтүп кетет. Ушул окуядан кийин Басаевдин чечен жикчилери арасында кадыры өсөт.

Басаев 1996-жылдагы Грозныйга чабуулдун башкы уюштуруучуларынын бири болгон. Чабуул ийгиликтүү өтүп, акыры Орусия менен тынчтык келишимине кол коюлган.

1997-жылы Басаев президенттик шайлоого катышып, чечен армиясынын башчысы Аслан Масхадовдон утулуп калды. Кийинки бир жарым жылда өкмөт башчысы, премьердин орун басары болуп иштеп турду.

1999-жылдан тартып, Масхадовго тиш кайраган радикал исламчыларга кошулуп кетти. Ошол жылдын август айында Хаттаб деген шериги менен коңшулаш Дагестанга кол салуу уюштуруп, бирок анысы ийгиликке жеткен жок.

Басаев 2000-жылы Грозныйдан чегинип баратканда жараат алып, бир бутунан айрылат, бирок ал экинчи чечен согушуна активдүү катышты. Акыркы жылдары Түндүк Кавказдагы каршылык көрсөтүү топторунун координатору жана аскер башчы болуп жүрдү. 2003-жылдын декабрында Грозныйда өкмөт имаратына кол салуу, 2004-жылы 1-сентябрда Бесландагы барымта кризиси сыяктуу бир катар террористтик чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.

Өткөн аптада сеператисттик бийликтин президенти Абдул Халим Садулаев өлтүрүлүп кеткенден кийин анын ордун баскан Доку Умаров Басаевди өз орун басары кылып алган эле. Эгер Умаров кокустукка кабылса, анын ордуна автоматтык түрдө Басаев келмек. 10-июлда анын өлтүрүлгөнүн Орусиянын коопсуздук кызматы жарыялагандан кийин, анын ордуна ким вице-президент болоору белгисиз.

XS
SM
MD
LG