Мумбай, же мурдагы аталышы Бомбей шаары, Индиянын коммерциялык борбору деп айтылып жүрөт. Мумбай – Махарашта штатынын баш калаасы.
Махараштанын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн бири Виласрао Дешмухтун айтымында, кечээ кечинде Мумбайда, буга чейин кабарлангандай, жети эмес, сегиз жарылуу болгон.
Шаардын батыш тарабындагы темир жолдогу жарылууларды Евробиримдик, Кошмо Штаттары, Орусия жана башка бир топ мамлекеттер айыптап чыгышты.
Индиянын баш калаасы Делиде өлкөнүн Ички иштер министри Шиврай Патил премьер-министр Манмохан Сингхтин билдирүүсүн окуду.
- Манмохан Сингх өз билдирүүсүндө: “Биздин тынчтыкты сүйгөн элибизге каршы жасалган бул уятсыз актыларды мен катуу айыптайм. Мен дагы бир жолу биз террордун баардык түрүнө каршы күрөштү уланта берээрибизди кайталайм”, - деген.
Ушу тапта Индиянын баардык шаарлары жана аба-майдандары өзгөчө сактыкта турушат.
Мумбайдагы жарылууларга чейин ошол эле күнү мурдараак Индия көзөмөлдөп турган Кашмир штатында да жарылуулар болуп, сегиз турист набыт болгон эле. Андыктан айрымдар кийин Мумбайда болгон жарылууларга Индия менен көптөн бери Кашмирдин артынан касташып жүргөн Пакистан тийиштиги болсо керек дешкен. Бирок Пакистандын президенти Первез Мушарраф кечээки чабууларды кескин айыптап, аны “терроризмдин өтө митаам актысы” деп атады.
Соңку жылдары Мумбайда бир катар жарылуулар болгон. Алардын көпчүлүгү 2003-жылга туура келет.
Бул шаардын темир жол каттамдары - дүйнөдөгү жүргүнчүлөрү эң көп каттамдардын бири. Бир эле күндө мумбайлык поезддер аркылуу 6 млн.дон ашуун жүргүнчү өтөт.