Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Америкалык аскер базасына байланышкан сүйлөшүүнүн качан болорун расмий тарап ачыктай элек


БИШКЕК. Антитеррордук коалициянын аба-аскерий базасынын ижара акысына байланышкан талкуунун экинчи айлампасы бүгүн өтөөрү тууралуу маалыматты Тышкы иштер жана Коргоо министрликтеринин тиешелүү бөлүмдөрү тастыкташкан жок. Кечээ «24кg» агенттиги аталган булактарга таянып, жолугушуу бүгүн болорун маалымдаган. Маалыматта сүйлөшүүнүн акыркы айлампасына Кыргызстан тараптан коопсуздук катчысы Мирослав Ниязов, АКШ тараптан коргоо министринин жардамчысынын ассистенти катышаары айтылган. Аскерий базага байланышкан сүйлөшүү боюнча «Азаттыктын» суроосуна жооп берүүнү коопсуздук кеңешинин катчысы азырынча эрте деп эсептеди.

XS
SM
MD
LG