Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

КУУГУНТУКТАЛГАН 31 ӨЗБЕК АТУУЛУ ОШТО БАШ КАЛКАЛАП ТУРАТ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Өздөрүн өткөн жылкы Анжиян окуялары боюнча саясий куугунтукталды деп эсептешкен 31 өзбек жараны учурда Ош шаарында жашап жатышат. Бир жылдан ашуун убакыттан бери качкын макамын алууну суранып келишкен бул өзбек жарандары саясий баш калкалоо берүү процедурасын тездетүүнү суранып кыргыз бийлигине, БУУнун качкындар иштери боюнча комисарлыгына жана дүйнөлүк коомчулукка экинчи ирет кайрылуу менен чыгышты.

Өткөн жылдын июнь, июль айларында баш калкалоо издеп келишип Ош шаарында убактылуу туруп калышкан 31 өзбек жаранынын көпчүлүгү өздөрүн коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын кызматкерлери катары тааныштырышты. Баш калкалоо издеп жүргөн өзбек жарандары учурда саясий куугунтуктун күчөгөндүгүнөн жана жумушсуздуктан кыйынчылык өкүм сүрүп жаткандыгын билдиришти. Өзбекстандагы оппозициялык маанайдагы Бирлик партиясынын мүчөсү Жамшитбек Маккамов кырдаалдан чыгуу үчүн шаардын четинен кафе ижарага алып иштетип, баш калка издегендердин калгандарын багып жатышканын айтып өттү:

- Биз буга чейин эмне иш кылып, кантип жан багабыз деп көп ойлондук. Акыры келип кафе иштетүүнү туура көрдүк. Кудай жалгап кафенин ээси жеңилдик кылып, бизге иштеткенге акча берип, убактылуу ижара акысын албай тургандыгын билдирди. Болбосо бизге көңүл бурган эч ким жок, турмуш аябай оорлоп кеткен эле.

Шаардын четинде жайгашкан кафени иштетип жатышкан баш калка издеген өзбек жарандарынын ичинде тубаса ашпозчулук таланты бар адамдар да аз эмес экен. Учурда ашпозчулар кафенин жаңы ачылгандыгына карабастан өзгөчө даамдагы палоо, ганфан, манты, шашлык сыяктуу 12 түрдүү тамак-аш даярдоого өтүштү.

Өзүн Өзбекстандагы Эрк партиясынын мүчөсүмүн деп эсептеген Исраил Калдаров мырза учурда жаңыдан иштете башташкан кафенин эсеп-чотун кагуу милдетин өзүнө алган. Ал тамак жасап сатуудан түшкөн ар бир тыйын киреше 31 өзбек качкынынын ортосунда тең бөлүштүрүлө тургандыгын белгилеп өттү:

- Кафени негизинен үчөөбүз иштетип жатабыз. Бирок бул кирешени үчөөбүз эле алабыз дегенди түшүндүрбөйт. Бул ушундай оор учурда калган тагдырлаштарыбызды да кошо багуу милдетин бизге жүктөйт. Кудай кааласа бул күндөр да өтүп кетээр.

Ал эми эл аралык миграция уюмунун Оштогу өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси Мелисбек Шамшибаев баш калкалоо издеген 31 өзбек жаранынын өмүр таржымалын иликтөө иштери жаңы пайда болгон жагдайлардан улам узакка созулуп кеткендигин айтып өттү:

- БУУнун качкын иштери боюнча комиссарынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен бирдикте учурда качкын статусун алууну каалаган 31 өзбек жарандарынын өмүр таржымалын иликтөөнү дагы эле улантып жатабыз. Эреже боюнча алты айда иликтеп бүтүп, бир жактуу жооп беришибиз керек эле. Бирок саясий баш калкалоо издеген өзбек жарандарына байланышкан жаңы жагдайлар пайда болуп жаткандыгына байланыштуу изилдөө мөөнөтүн бир жылга узарткан болчубуз. Бул өтө татаал процедура экен. Изилдөө иши объективдүү жүргүзүлүп жатат деп толук жоопкерчилик менен айта алам.

XS
SM
MD
LG