Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

КЫРГЫЗСТАНДА ДИНИЙ КЫРДААЛ КОЛДОН ЧЫГЫП БАРАТАБЫ?


Мамлекет менен диндин мамилеси, дин эркиндиги боюнча маселелер бүгүн Бишкекте өткөн улуттук конференцияда талкууга алынды. Анда диний конфессиялардын, өкмөттүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү өлкөдө дин боюнча мыйзамдар өтө эле либералдуу экенин белгилешип, аларды кайра карап чыгуу зарылчылыгын айтышты. Акыркы мезгилде өлкө ичинде динге жамынуу менен ар кандай экстремисттик иштерге барган топтордун көбөйүп жаткандыгы баса белгиленди. Адистердин баамында, мындай жагдай өлкөдө саясий туруксуздукка, ар кандай диний конфессиялар ортосунда өз ара түшүнбөстүккө жана жалпы элдин динге ишенбестигине алып келет.

Аталган жыйынга катышкан өкмөттүн мүчөлөрү, жарандык коомдун жана диний конфессиялардын өкүлдөрү экстремисттик багыттагы ар түрдүү деструктивдүү топтордун, айрыкча “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун иш аракеттеринин активдешүүсү, Кыргызстандын аймагында иш жүргүзгөн чет элдик миссионерлердин, диний уюмдардын иш-аракеттерине көзөмөлдүн жоктогу кооптуу жагдайды түзүп жатышкандыгын айтышты.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов ар кандай секталардын жана уюмдардын өлкө ичине келүүсүн токтотуунун бир гана жолун көрөт. Ал республикада диний уюмдарды каттоонун тартиби татаалдаштырылышы зарыл деп эсептейт:

”Бүгүнкү күндө он киши, жүз киши топтолуп алып өздөрүнчө дин түзүп, уюм катары мамлекеттик каттоодон өтүп жатышат. Алар укуктук жактан миллиондогон эли бар мусулмандар менен барабар болуп, өз ишмердүүлүгүн алып барып жатышат. Демократиялык системада мен буга каршы эмесмин. Бирок, ошол шарттын машакатын көбөйтүп, татаалдаштырыш керек”,- деди Мураталы ажы Жуманов.

Дин иштери боюнча агенттиктин адиси Каныбек Маматалиев муфтийдин мындай позициясын колдобой тургандыгын билдирди:

”Менин жеке оюм боюнча, каттоо тартибин татаалдаштыруунун кажети жок. Бул жерде маселе башкада. Уюмду каттап жатканда кылдаттык менен мамиле жасаш керек. Кыргызстанда диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө карата либералдуу мыйзамдар болуп жаткандыктан деструктивдүү топтор көбөйүп кетти. Мына акыркы жолу чатакка айланган фактылардын бири – сатанисттердин баракчаларынын алынышы болду”, -дейт Каныбек Маматалиев.

Учурда коркунуч туудуруп жаткан уюмдардын катарында “Хизб-ут-Тахрир” партиясы, “Акрамия”, “Белое братство” уюмдары аталууда. Бирок, бул уюмдар башка коомдук бирикмелер сыяктуу мамлекеттик агенттиктен катталышкан эмес. Ошондуктан аларды так аныктоо өтө татаал.

Кыргызстанда диний уюмдарды каттоо ишин Адилет министрлиги жана Дин иштери боюнча агенттик жүргүзөт. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу каттоо тартибин жүргүзүү бир гана мамлекеттик мекеменин колунда болушу керек деп эсептейт.

Мамлекет менен диний уюмдардын ортосунда өз ара байланыштар 1991-жылы “Дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы менен башталган. Андан үч жыл өткөн соң “Кыргызстандын жарандарынын дин эркиндигине болгон укугун ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” президенттин жарлыгы чыккан. Мына ушул документтердин күчүнө кириши менен өлкөдө диний уюмдарга эркиндик бериле баштагандан кийин ар кандай диний секталардын саны көбөйүп кеткен.

Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров өлкөдө диний кырдаал мамлекет тараптан катуу көзөмөлгө алынаарын билдирди.

Христиан дининин өкүлү Артемий Долотов мыйзамда жазылган “секта”, “миссионер” сыяктуу сөздөргө түшүндүрмө берилиши керек экендигин, жарандардын дин эркиндигине болгон укуктарын так аныктап жазуунун зарылдыгын айтты.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун пикиринде, “жаңы” миссионерлердин, секталардын өлкөгө келишине тыюу салынышы керек:

”Эгерде өлкөдө диний уюмдар иш жүргүзсө макул, бирок жаңыдан келип алып, мамлекетти, коомду, үй-бүлөөнү ажыраткан секталар, өзгөчө тоталитардык секталардын келишине тыюу салыш керек”, -деди Турсунбай Бакир уулу.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Кыргызстанда каттоодон өткөн диний агымдардын саны отузга чукул. Ал эми мыйзамсыз түрдө иш алып барып жаткан уюмдар бешөө. Кыргызстанда жөөт общинасынын өкүлү Арие Райхмандын айтымында, радикалдуу секталардын жана экстремисттик уюмдардын өлкө ичине келүүсүн токтотуу милдети мамлекеттин мойнунда болушу керек.

Аталган конференциянын жыйынтыгы боюнча катышуучулар “Жактоочулуктун жана аракеттин” декларациясын кабыл алышты.
XS
SM
MD
LG