Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

БҮТҮН ДҮЙНӨНҮ ТИТИРЕТКЕН ЖАРДЫРУУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Индиянын Мумбай шаарында 190 кишинин өмүрүн алып кетип, алты жүздөн ашык кишини жарaдар кылган бул кандуу терактты дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери кескин сынга алып, жабыркагандарга көңүл айтышты. Индиянын премьер - министри шаардыктарды башка түшкөн мүшкүлдү кайраттуулук жана сабырдуулук менен көтөрүүгө үндөдү.

Индиянын Мумбай шаарындагы вокзалдар менен темир жол станцияларында катары менен жети бомба жарылып, андан 200 гө жакын киши курман болду, 600дөн ашык киши жаракат алды. Жардыруулар кечинде коомдук унаалар үйлөрүнө бараткан кишилерге жык толгон маалда болгон. Жардырууну көргөн адамдар ошол замат жардамга шашып, канга боeлгон адамдарды вагондордон чыгарып жатышты. Башкалары болсо быт - чыты чыккан денелерди чогултуп жүрүштү. Көңүлдү караңгылаткан бул көрүнүш 2004- жылы март айында Мадриддин вокзалында болгон окуяларды эске салды. Индиянын Мумбай шаарынын унаа системасы күнүнө дээрлик алты миллион кишини ташыйт.

Мумбайда болгон террордук чабуулду дүйнө лидерлери кескин айыптап, жабыркагандардын жакындарына көңүл айтып жатышат. Американын тышкы иштер министри Кондолиза Райс: "Биз бул шумдуктуу террордук чабуулду айыптайбыз. Кол салууда курман болгон жана жаракат алган киишлердин жакындарына көңүл айтабыз",- деди Райс.

Британиянын премьер-министри кандуу кол салууну "барып турган наадандык" деп атады.

Индиялыктарга боору ачып турганын Индиянын эзелтен берки атаандаш-кошунасы Пакистан да билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Хуршид Махмуд Казури террордук кол салууну айыптап, анын өлкөсү террористтерди ооздуктоо үчүн колдон келген аракетин аябай турганын билдирди.

"Албетте биз бул террактты сынга алабыз. Терроризм дүйнө үчүн чоң проблема болуп калды. Пакистан терроризмге каршы күрөшкө өз салымын кошуп жатат. Мен бул террордук кол салууну кескин айыптайм",-деп билдирди пакистандык министр.

Жардыруулардын жоопкерчилигин эч ким өзүнө ала элек. Бирок эң биринчи болуп кол салуунун артында Кашмир сепаратисттери турабы деген шектенүү пайда болду. Бирок Кашмирдин Индиядан бөлүнүүсү үчүн согушуп жаткан эң чоң топ Лашкар - е-Талиба бул кинени четке какты.

Нью - Дели дагы бир канча башка сепаратисттик топтор менен алпурушуп келатат. Алардын арасында Индиянын түндүгүндөгү кошуна Непал менен жакын санаалаш маоисттик топтор да бар. Бул иштин жоопкерчилиги акыркы жылдарда бир канча террордук кол салууну уюштурган Мумбай мафиясына да жүктөлүүсү ыктымал.

1993-жылы мафиянын удаасы менен жасаган жардырууларынан 250дөн ашык киши курман болгон.
Учурда болсо Индиянын өкмөтү жардыруулардын кесепетин жойуу менен алек. Шаарда чукул абал киргизилип, кино-театр, коомдук унаа менен башка жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG