Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Америка университетинин студенттери нааразылык чарасына барууга даяр


Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери өз укуктарын коргоо үчүн нааразылык акциясына чыгууга, ачкачылык жарыялоого барууга даяр. Бул тууралуу студенттер тобу 12-июлда билдирди. Студенттер университеттеги юридикалык факультеттин лицензиясын билим берүү министрлиги кайтарып алуусуна каршы чыгууда. Министрликтин комиссиясы өлкөнүн жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн сапатын текшерип чыгып, анын натыйжасында көптөгөн филиалдарды, факультеттерди жабуу, лицензиясын чакырып алуу чечимин кабыл алган. Алардын арасына Америка университетинин юридикалык факультети да кошулган.

XS
SM
MD
LG