Достук соода борборунун ачылышына Кытай Эл Республикасынын Кашкар округунун башчысынын орунбасары Жун Ли баштаган делегацияда эки жүздөн ашуун кытайлык ишкерлер келишти. Жун Ли мырза кыргыз-кытай соода-экономикалык мамилелеринин өнүгүшүнө токтолуу менен аталган борбордун ачылышын Фергана өрөөнүнүн жалпы калкы үчүн инвестициялык булак катары баалады:
- Бүгүндөн баштап Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын Фергана өрөөнүндө жашаган калкы кытай ишкерлери менен соода байланыштарын кеңейтүү үчүн дагы бир чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып отурат. Наркы арзан жана биринчи колдон алынган товарлар менен камсыздоодо жергиликтүү ишкерлер менен тыгыз жакындан кызматташууда кытай ишкерлери жалпы Фергана өрөөнүнүн калкы үчүн инвестициянын жаңы бир булагын ачышты.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү жана Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев Ош-Кашкар достук соода борборунун ачылышынын Борбор Азия аймагындагы эл аралык маанисине мындайча токтолуп өттү:
- Эл аралык мааниси бул Кыргызстан менен Кашкар округунун Кытай Эл Республикасы менен достукту өстүрүү болуп саналат. Эң негизгиси бул Фергана өрөөнүндөгү ынтымакты, соода сатыкты алдыга жылдыруу.
Жаңы соода борборунун тасмасын кесүү аземинен кийин ичкерге кирген адамдар соода түйүндөрүндө али товарлардын жок экендигин көрүшүп арзандатылган товарлардын жарманкеси тууралуу маалымат каражаттары аркылуу айтылган жарыянан жалган экенине күбө болушту:
- Базарды убагында ачкан жок. Убактыбызды бөлүп келдик, жол кире кетирдик. Базарда алгылыктуу эч нерсе жок - деген нааразылыктарын билдиришти соода жарманкесине алыстан атайын аттанып келишкен адамдардын айрымдары.
Арзандатылган соода жарманкесин уюштурууда түзүлгөн мындай ыңгайсыздыктарды тышкы экономикалык байланыштар комитетинин башчысы Мелисбек Тайыров соода кербенинин Кытайдан кечигип келгендиги менен түшүндүрдү.