Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:45

«Социнформбюро»: Студенттер Феликс Куловду биринчи, Курманбек Бакиевди үчүнчү орунга чыгарышты


БИШКЕК. «Социнформбюро» социологиялык кызматтын май айынын этегиндеги иликтөөсүнө караганда, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин 54% Кыргызстанда саясий кырдаал начардап кетти деп эсептешет. Ушундай көз карашта экендигин орус улутундагы студенттердин 68% билдиришкен. Студенттер ишенимге кирген беш саясатчыга добуш берүүдө Феликс Куловду (14,8%) алдыңкы орунга чыгарышкан. Өмүрбек Текебаев (11,3%) экинчи, Курманбек Бакиев (5,7%) үчүнчү, Алмаз Атамбаев (4,9%) төртүнчү, ал эми Мелис Эшимканов бешинчи (4,5%) орунда аталышкан. Сурамжылоого Бишкектин беш университетинен 300 студент катышкан.

XS
SM
MD
LG