БИШКЕК. Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун Түштүк Кореяга сапары бүгүн соңуна чыгат. Министрликтин маалымат кызматынын кабарлашынча, сапардын алкагында тышкы иштер министрлеринин кызматташтык программасына, туризмге жана авиакаттамдарга байланыштуу өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюлду. Жекшенкулов ошондой эле Бишкекте Бизнес форум өткөрүү, Кореяда иштөөнү каалоочулар үчүн он миң кишилик квота берүү сунушу менен Корея жетекчилигине кайрылды.