Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

БИШКЕКТЕ СҮРӨТЧҮ ТАЛГАТ МИРРАХИМОВДУН ЖЕКЕ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТҮҮДӨ


Талгат Миррахимов бир катар сүрөтчүлөр менен Болгарияда жана Стамбулда чыгармачылык иш сапары менен болуп кайткан. Мына ошол чет жерлерден жараткан эмгектеринин негизинде Талгат Миррахимов Кыргызстанда жеке көргөзмөсүн ачууну чечкен.

Бул көргөзмөдө коюлган эмгектердин басымдуу бөлүгүн жогорудагы шаарлардын көрүнүшүн чагылдырган сүрөттөр түзөт. Сүрөтчүнүн үчүнчү ирет ачылган жеке көргөзмөсүнө бир катар маданий ишмерлер менен Америкадан да коноктор келишкен.

Чет элдик меймандар Талгат Миррахимовдун көргөзмөсүнө бир эле кыргыз жергесинен күбө болбостон, өз мекенинен да көрө алышкан. Анткени сүрөтчү чет мамлекеттерде да жеке сүрөт көргөзмөлөрүн уюштурган.

-Францияда, Люкцсембургда, Германияда, Бельгияда, Кытайда жеке сүрөт көргөзмөлөрүмдү уюштурдум. Ал эми ал чет жакта өтүп жаткан көргөзмөлөрүмө ошол өлкөнүн музейлери, галереялары колдоо көрсөтүп, баардык чыгымдарды өздөрү көтөрүп жатышты. Ал үчүн мен бирден, экиден сүрөттөрүмдү калтырып жаттым. Чет өлкөлүк сүрөт көрүүчүлөр менен кыргыз көрүүчүлөрүнүн ортосундагы айырмачылык жөнүндө айтсам биздин кыргыздарда сүрөттү түшүнүп, баалагандар аз, ал эми чет мамлекетте жакшы болгон сүрөттү мыкты тартылган деп дароо эле түшүнүшөт.

Талгат Миррахимов жакын арада Америкада жеке сүрөт көргөзмөсүн ачууну көздөөдө. Анын сүрөт өнөрүн аркалаганына кырк беш жылдын жүзү болуптур. Учурда анын коллекциясында кырк беш сүрөт бар, калганынын баарын шартка байланыштуу сатып жиберген.

Сүрөтчүнүн “Аль Хаят” галереясындагы жеке көргөзмөсү ушул айдын сонуна чейин созулат. Ал эми келерки жылы сүрөтчү Болгария , Кытай жана Түркияда сүрөт көргөзмөсүн уюшурууну көздөөдө.
XS
SM
MD
LG