Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

ТИЛЗАЛА, БУШКА МУШ КЕЗЕЛДИ, “ОКСУСКА” ОК АТЫЛДЫ, КРИМИНАЛДЫК КЫРГЫЗСТАН


13-июндагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары Президент Курманбек Бакиевдин Нарындын “Дордой-Динамо” футбол командасы менен жолугушуусу, АКШ элчилигинин эки кызматкеринин өлкөдөн куулуп чыгышы, миграция тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

13-июндагы “Алас” гезити жаныбарлардын сүрөттөрүн берип, “тилзала” деген фотоколлаж менен чыкты. Анда чочконун мойнунда “төл аралык тил!”, аркардын мойнунда “чегаралык тил!”, төөнүн мойнунда “төө тили- чөларалык тил болсун!” , уйдун мүйүзүндө “уйдун тили - маларалык тил болсун!”, эшектин мойнунда “эл аралык тил!” деген плакаттар илинип, аларды таңгалуу менен караган жылкынын сүрөтү берилген.

“Буга чейин Кыргызстан АКШнын алдына килем болуп төшөлүп, бөжөктөй бөгүп келди эле, акыры ага кашкайтарып, муш кезеди. АКШ элчилигинин эки кызматкерин «суверендүү республиканын ички ишине одоно кийлигишкени үчүн» деген айып менен «Жалпы үйгө» жакын жологус кылып кубалады.

УКК «узун кулактарынын» айтымына караганда, АКШ элчилигинин эки кызматкери Каку Кимара менен Пол Политес америкалык атайын кызмат адамдары болуп саналат экен. Алар элчи терисин жамынып, эгемен мамлекеттин ички иштерине кийлигишиптир.
АКШ элчилиги Акүйдүн минтип каш­кайтарганына өзөртө тепкендей теригип, таккан айып туура эмес, америкалык дипломаттарды бейөкмөт уюм жетекчилери менен кезигип койгону үчүн кууп атышат, бул деген элчиликти опузалоо жана жарандык сектордун жаагын жабуу аракети деп билдирди. Эми Буш эмне деп бурк этер экен?.. “ деп жазуу менен “Алас” гезити окуянын акыры кандай бүтөөрүнө күмөн санайт.

“Ордо калаанын чогортосунан англиялык юрист, «Оксус» компаниясынын өкүлү Шон Дейлини атып кетишти. Бир бөйрөгүн алдырып, оор абалда ооруканада. Аткан киши табыла элек. Күбөлөрдүн айтымында аны түнкү 11де эларалык издөөдө жүргөн банкирибиз Г.Сооданбековдун иниси ресторанга чакырган. Шон Дейли ошо жолугушуудан кайтып келип, үйүнө кирип баратканда ок жептир. Бу колсалуу Жерүй алтын кенин талашына байланыштуу болушу ыктымал деген божомол бар,” деп маалымдайт ушул жумалык.

“Былтыр президент Курманбек Бакиев маданият жана социалдык коргоо кызматкерлеринин маянасы 35 пайыз көбөйсүн деп Указ чыгарып, Акүйдөн Минфинге учурган. Өлөсөл указ өлдү-талды менен Минфинге жетип мерт болду. Алыскы райондордо аны алыштыбы-жокпу ким билсин, ордо калаа кызматкерлери ушуга чейин 35 пайыздын өзү тургай, жыттын жыттай элек. Казына ушу тапта аларга эле 1 млн. 155 миң сом карыз” деп жазат “Алас” гезити.

Ушул жумалыктын маалыматына караганда өлкөнүн тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Түштүк Кореяга визит жасап, корейлердин башбаканы Хан Мен Сук айым менен жолугушуп, Кыргызстанды арзан жана балбан жумушчу күчтөрдү экспорттоочулар тизмесине тиркеп коюну суранган. “Ал эми соода министри Бан Ки Мун менен 10 миң адамга квота бөлүү маселесин соодалашып бычышты. Корейлер кызыгар андан башка кыргыз товары жок экен” деп тынсызданып таңгалышат “аласчылар”

“Куштун кош канатындай оозеки жана жазма адабиятыбызга демөөр берип келаткан «Айтыш» фонду негизделгенине быйыл 5 жыл толгондуктан, ушул жылдын күзүндө кыргыз-казактын тандалма төкмө акындары беттешет.

Жыл сайын салттуу түрдө улантылып келаткан байге фонду 500 миң сомдук төкмө акындар сынагынын быйылкы жылдагы башбайгесин (жеңил автоунаа) белгилүү ишкер, мурдагы адабиятчы Чыныбай Турсунбеков көтөрөр ниетин билдирди” деп кабарлайт “Алас” жумалыгы.

“Бир убакта кыргыздын каражармасын дүйнөлүк рыноктогу суусундук кылам деген Табылды Эгембердиевге күлгөндөр болгон. Бүгүн биздин рынокту Кытай каптаса, Кытайды эми биздин «Шоро» максымы каптайт. Ал кыргыздын капчыктуу азаматтары Табылды Эгембердиев менен Аскар Салымбековдун колунан келгени калды. Буюрса, 18-июлда Кытайдын Артышында «Шоро» менен «Дордойдун» кожолору колтукташып курган жарма заводунун ачылыш аземи өтөт. Анын урматына төкмө акындар Э.Иманалиев менен А.Таалай ырдап, «Дордой-Динамо» футболдук командасы кытайдын үч футболдук командасы менен беттешет” деп маалымдалат ушул жумалыкта.

«Биздин президентти чыныгы улуттук лидер деп айтууга мүмкүн эмес. Жалпы улуттук рейтингдик сурамжылоо жүргүзсөк, аны ашып кетсе Кыргызстан калкынын 20 %ы гана колдошу мүмкүн. А да арсар. Мындай цифралар менен реалдуу, лидерлик жөнүндө ооз ачууга да болбойт» деп саясат таануучу Нур Оморов өлкөдөгү саясый кырдаал, Үзөңгүкууш, миграция жана башка маселелердин тегерегинде «Алас» жана «Лица» гезиттерине маек курган.

13-июндагы “Лица” гезити өткөн жылдын 24- мартында "Аскар Акаев толкуган элге каршы курал колдонуп, элдин канын төгүүнү көздөгөн, бирок тилеги ишке ашпай калды” деген мурдакы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун маалыматын жарыялады.

“Лица” жумалыгы кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин ана башы Азиз Батукаевдин өмүр таржымалын, кылмыш чөйрөсүнө кантип аралашып, кандай оор кылмыштарды жасаганын, кантип “мыйзамдуу ууру” атыкканын кеңири баяндап, анын иш-аракетин талдоого алды.

“Лица” гезити өткөн жылдагы март ыңкылабынан кийин Кыргызстандагы криминал күчөп, Борбор Азиядагы Сицилияга айланганын талдоого алган. Кылмыш чөйрөсү менен саясатчылар, мамлекеттик чиновниктер аралашып, бул тармак дагы кризиске батканын, ушунун айынан кандуу кагылышуулар, буйуртма өлүмдөр болуп бийлик да алсыздыгын көрсөткөнүн иликтөөгө алган.

“Кылмыш дүйнөсү өлкөдөгү башаламандыкка чекит коюп, тартип орнотууга аракет кыла баштады. Себеби башкы авторитет Рысбек Акматбаевдин өлүмүнөн кийин кылмыш дүйнөсүндө түрдүү жаңы топтор пайда болуп, таасир, чөйрө бөлүштүрүү башталган. Ошондуктан кылмыш чөйрөсүнүн Суусамырдагы жыйынга 160 автоунаа менен 300-400дөй адам чогулуп, ынтымакка келүү, тартип орнотуу тууралуу сөз болгон. Бул жыйынга Москвадан Кыргызстандын “мыйзамдуу уурусу” болуп дайындалып келген Камчы Көлбаев да катышкан” деп маалымдайт “Лица” жумалыгы.

Андан ары Камчы менен Рысбек Акматбаевдин туугандык жакындыгын, бирок экөө кийин элдешкис душман болуп калышканын, Камчы Көлбаев кандай кылмыштары үчүн соттолуп, качып жүргөнүн толук баяндаган.

“Лица” гезити өзбекстандык качкындар, алардын тагдырлары тууралуу кабарчы Аида Тастанованын “Мен- качкын” деген макаласын жарыялады. Анда былтыр 13- майдагы Анжиян окуясынын күбөөсү Айбек Ош шаарында жашырынып баш калкалап жүргөнү, үй бүлөөсү, эки уулу Анжиянда калганы, 300дөн ашуун адамдын өлүмүн өз көзү менен көргөнүн айтып берген.

Үркүндүн 90 жылдыгына карата “Лица” гезити мурдакы мамлекеттик катчы, профессор Осмонакун Ибраимовдун “Белгисиз геницид” деген макаласына орун берди. Анда Орусиянын бийлигине кыргыздар куралсыз каршы турганы,элди орус аскерлери аеосуз жазалоосу, Кытайга качкандардын көргөн азап-тозогу, советтик түзүлүш калган калкы сактап калганы айтылган.

15-20 жылда Кыргызстанда тыңгылыктуу иштей турган киши калбай калышы ыктымал. Элибиз мекенинен ушундай темп менен көчүп кетип олтурса, экономиканы ким көтөрүп, өндүрүштө ким иштейт? Бул Кыргызстан үчүн чоң коркунуч, жайбаракат жарылуучу бомба десек болот” деп тынчсызданат кыргыз миграциясын иликтөөчү Нур Оморов “Алас” жана “Лица” гезиттерине берген маегинде.

“Слово Кыргызстана” гезити президент Курманбек Бакиев Нарындын “Дордой- Динамо” футбол командасынын мүчөлөрүн, жетекчилерин кабыл алганын, Азия футбол федерациясынын президентинин Кубогун жеңип келгени менен куттуктап, өлкөнү таанытып келгени үчүн ыраазычылык билдиргенин кабарлады.

“Биз улут саламаттыгы, ден соолугу тууралуу айтып, балдарга , жаштарыга камкордук көрүп келатабыз. Бирок кантип алардын келечегин элестетебиз. Эгерде алар тамеки тартып, ичимдик ичип, баңги зат колдонуп жүрсө?” деп суроо берет президент футболчулар менен жолугушууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG