Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:06

ЧОҢ СЕГИЗДИН ШЕРИНЕСИ ЖАНА ОРУСИЯ


Орусия ушул күндөрү өзү үчүн эң бир маанилүү окуялардын бирине камданып жатат. Орусиянын аброюн Советтер Союзунун даражасына жеткирүүнү эңсеген президент Путин 15-17-июнь күндөрү Санкт-Петербургда Чоң Сегиз клубу боюнча шериктерин кабыл алат. Чоң сегиздин шеринесинде энергетикалык коопсуздук, жугуштуу ооруларга каршы күрөш, билим берүү менен катар, Орусиянын дүйнөлүк соода уюмуна кириши сыяктуу башка маселелер да болмокчу.

Чоң Сегиздин президенти катары өнөр жайлашкан сегиз өлкөнүн саммитинде той ээси боло турган Путин жыйындын башкы темасы деп энергетика коопсуздугун тандап алган. Чоң Сегиздин лидерлери ошондой эле энергетика тармагында инвестицияны жана атаандаштыкты күч алдыруу максатын көздөгөн билдирүүнүн долбоорун жактырышат. Чогулгандардын арасынан Орусия эң ири энергетика экспортточу болуп саналат жана Европада мунай-газ соодасын көбөйтүп, Батыштын энергетика базарында өз үлүшүн алгысы келет. Чоң Сегиздин калган мүчөлөрү өз кезегинде Орусияны газ секторун реформалап, анын ичинде газ экспорттоо жолдорун шериктерге ачып берүүгө чакырат деп күтүлүүдө. Ядролук куралды таркатпоо маселеси да күн тартибинде болот.

Евгений Волк Маскөөдөгү "Наследие" же Мурас изилдөө борборунун директору. Анын айтымында, айрыкча Ирандын ядролук программасы менен Түндүк Кореянын жакында ракета учурушуна байланышкан маселелер кабыргасынан коюлмакчы. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал менен катар Вашингтон Грузия менен Молдовадагы сеператистчил аймактардын абалын талкуулоону нийет кылат. Батыш өлкөлөрү Путиндин жетекчилиги менен Орусия демократиядан алыстап баратат деп тынчсызданышууда. АКШнын вице-президенти Дик Чейни жакында Орусияны "демократиядан тайып, энергетикага бай экенинен пайдаланып, коңшулашын коркутат" деп айыптаган. Ал эми сенатор МакКейн дүйнө лидерлерин Санкт-Петербург шеринесин бойкоттоого чакырган.

Саммиттен 3 күн мурда Батыш журналисттери менен жолукканда Путин "нийети ак сынчылардын пикирлерин" угууга даяр экендигин айтып, ошол эле убакта Орусиядагы демократиянын тагырына тынчсызданымыш болуп, өлкөгө кысым көрсөтүшүнө эч кимге жол бербейм деп кесе сүйлөдү. Кандай болгон күндө да, Маскдөөдөгү Карнеги изилдөө борборунун аналитиги Маша Липман Орусиянын демократия жаатындагы мүчүлүштүктөрү ачык талкууланаарына ишенбейт:

Орусиянын ички саясаты, демократия жана адам укуктарынын абалы тууралуу канчалык кеңири сөз болот? Орусия үчүн бул маанилүү суроо. Бул ачык талкууланат деп эч ким ойлобойт. АКШнын президенти Жорж Буш бул маселени көзмө-көз сүйлөшкөндө көтөрөт деген сөздөр болуп жатат. Бирок ачык айтылбаган сөздүн салмагы да болбойт эмеспи.

Чоң Сегиздин жыйындарында адатта экономикалык маселелерге анчейин көңүл бурулбайт. Бирок бул ирет Орусия Дүйнөлүк Соода уюмуна кошулуу далалатына колдоо табат окшойт. Анткени буга бөгөт болуп келген эң соңку тоскоолдук жоюлуп, Орусия Кошмо Штаттары менен эки тараптуу келишимге кол коет деп күтүлүүдө. "Наследие" же Мурас корунун серепчиси Евгений Волктун пикиринде, Санкт-Петербург шеринеси Орусиянын дүйнөлүк масштабдагы держава болсом деген эңсөөсүн ишке ашыруу жаагындагы чечүүчү кадамдардын бири болуп калмакчы:

- Бул саммитте Путин үчүн эң башкысы – кадыр-барк күтүү, Орусия Чоң Сегиздин тең тайлаш мүчөсү, ал өз ордуна кайтып келгендигинин таанылышы болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG