Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

БАТКЕНДЕ ТАЖИКСТАНДЫН СОГДУ ОБЛУСУНУН МАДАНИЙ КҮНДӨРҮ ӨТТҮ


Өлкөбүздүн эң четки Баткен облусунда, Тажикстандын Согди облусунун маданий күндөрү өтүүдө. Бул иш чараны өткөрүү менен эки элдин ортосундагы достук кызматташтыкты кайра жандандыруу максаты көздөлгөн. Баткен облусунун эли кошуна тажиктердин театр, сахна, көркөм сүрөт өнөрпоздорунун эмгегине күбө болушту.

Баткен облусу менен кошуналаш Согди облусунун кызматташтыгын чыңдоо максатында өткөрүлүп жаткан маданий иш чара эки облустун башчыларынын демилгеси менен өткөрүлүп жатканын жана үстүбүздөгү айдын аяк ченинде Баткен облусунун маданият өнөрпоздору өз таланттарын Согди жергесинде көрсөтүп келишээри тууралуу Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын социалдык жана маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Султан Абдижаминов буларга токтолду.

- Баткен облусу менен Согду облусунун башчыларынын демилгеси менен өткөрүлүп жаткан бул маданий иш чара эки элдин ортосундагы достукту чыңдоого багытталган. Иш чаранын алкагында облустун бардык район-шаарларында тажик өнөрпоздорунун таланттары элдин алдына чыгышып, өз өнөрлөрүн тартуулашаты. Эми кезек Баткен облусунун маданий жашоосун кошуналаш Согди облусунун элине көрсөтүп келүү, - деди Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын социалдык жана маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Султан Абдижаминов.

Тажик делегациясынын башында келген Согди облусунун төрагасынын орун басары Хуршеда Атабаева, маданий алаканын натыйжасы чектеш элдердин чыр чатагын азайтууга көмөк көрсөтөт деген оюн айтты:

- Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан маданий иш чаралар, эки элдин ортосундагы эзелтен бери келаткан, достук мамилесинин, саясатынын логикалык уландысы деп ойлойм. Бул маданий алакаларды уюштуруу менен биз чегаралаш жашаган элдердин ортосундагы чыр чатактарды азайтуу аракетин көздөп жатабыз, - деди Согди облусунун төрагасынын орун басары Хуршеда Атабаева.

Согди облусунун Баткен жергесиндеги маданий күндөрү ырчы-сүрөтчүлөрдүн таланттарын жана театр актерлорунун оюндарын өзүнө камтыган. Маданий майрам жалпы Тажик Республикасына белгилүү адамдардын катышуусу менен коштолду. Атап кетсек Тажикстандын Эл артисти Сайрам Исаева, Камали Хужанди атындагы музыкалуу комедия-театрынын режиссеру. Баткен көрөрмандарына тартуулап жаткан спектакли «Апенди жана анын 5 аялы» деп аталат. Биз Сайрам Исаевага эмнеликтен ушул теманы тандап алдыңыз деп суроо узаттык:

- Бул теманы тандап алганыбыздын себеби, биздин региондордо аялдардын укугу алардын тагдыры мени жана биздин көп аялзатын ойлондуруп келет. Менин спектаклдеримдин көбү эле аялдар темасын чагылдырат.

Андан башка СССРдин Эл артисти Жорабек Мурадовтун өзү келип катышуусу Баткендиктер үчүн чоң белек болуп калды. Биз менен болгон маекте маэстро ырдап да берди.

- Союз мезгилинде мен кыргызча, өзбекче, казакча жана орусча ырларды аткарып жүргөмүн. Мисалы кыргызча ырлардан "Тумарымды" мен бир канча жолу чоң сахналарда аткарып келгемин.

Кыргыздын "Тумарым" аттуу ыры Тажикстанда өтө популярдуу экени чоң артисттерден тартып жөнөкөй айдоочуларга чейин жатка билгенинен дайын болду.

Баткен облусунун маданий күндөрү июль айынын аяк ченинде Согди облусунда өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG