Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

14-ИЮЛДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1875-жылы Өзгөн аймагында Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш чыккан. 1940-жылы “Кыргызстандын борборун гүлзар-шаарга айландырабыз” деген жүрүш башталды.

1875-жылы Өзгөн аймагында Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш чыккан. Көтөрүлүшкө мында жашаган кыргыздар менен өзбек калкы тартылышып, алар хандык тарабынан киргизилген суу салыгына макул эместигин билдиришкен. Кокон хандыгына каршы башталган көтөрүлүшкө кыргыздар активдүү тартылышып, алар анын негизги кыймылдаткыч күчү болуп берген. Анын башкы себеби, хандык 1874-жылкы көтөрүлүшкө кыргыздар катышкандыгы үчүн аларга кошумча салык киргизген жана ал калктын турмушун оордотуп, жакырчылык запкыны күчөткөн.

1907-жылы Императордук орус географиялык коомунун жетекчиси Петр Семеновго Тянь-Шаньский деген ардактуу ысым ыйгарылган. Императордун жардыгында атактуу саякатчынын Чүй жана Ысыккөлдөгү иликтөөдө кошкон теңдешсиз салымы белгиленип, мындан ары анын укум-тукуму “тяншандык” деп аталаары айтылат.

1933-жылдын бу күнү кыргыз жазуучулар союзунун уюштуруу комитети орус сүйлөшмө тилинин атактуу адиси, Көркөм илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти Ольга Озаровскаянын дүйнөдөн кайтышына байланыштуу терең кайгыруу кабарын жарыялашты. Ольга Озаровская 1928-жылга чейин Фрунзе шаарында жашап, анын жемиштүү чыгармачыл өмүрү кыргызстандык интеллигенция менен сөз чеберлеринин арасында өткөн.

1940-жылы “Кыргызстандын борборун гүлзар-шаарга айландырабыз” деген жүрүш башталды. Жүрүш жыйынтыгы көрсөткөндөй шаардын бульвар, парктары жан кейиткен абалда экендиги аныкталды. Айрыкча, “Красная звезда” аталган Балдар паркы, же азыркы Панфилов паркы, Эмен паркы, Каражыгач багы сыяктуу эс алуучу жайлар суу жетпей кургап жана адам колу тийбей кароосуз абалга жеткени аныкталды.

1789-жылы Бастилия алынып, бу күн Франция Республикасынын Улуттук майрамы катары белгиленет, 1863-жылдын бу күнү Германияда еврейлерге теңчилдик ыроолонуп, 1910-жылы сүрөтчү-мультипликатор Вильям Ганна, 1913-жылы АКШнын 38-президенти Геральд Форд, 1942-жылы саясий ишмер Хавьер Соланна, 1932-жылы жазуучу, акын Мар Алиев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG