Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

ЖАЛАЛАБАТ : ҮЙ-ЖАЙСЫЗ ЖАРАНДАР ДЕПУТАТ БАТЫРОВДУН МЕНЧИК ЖЕРИН ТАЛАШУУДА


12-июлда кечке маал 300дөн ашык адам Жалалабат облустук бийлигинин алдында бир жарым сааттай турду. Алар депутат Кадыржан Батыровго тиешелүү жерди бөлүп берүүнү талап кылышты. Депутатка караштуу «Темирташ» акционердик коомун бир ай мурун, анын менчик жерин 3-июлда басып алган жарандардын бул өкүлдөрүнө жергиликтүү бийлик маселени мыйзам жолу менен чечүүнү түшүндүрдү.

Жер басып алгандардын башчысы Манас Бектемировдун айтымында депутат Кадыржан Батыровго Сузак районунан 7 гектар жер берилген. Бирок жер ченегичтер эсептегенде аталган аймак 41 гектар болуп чыккан. Үй-жайсыздардын жер ээлешине депутаттын эл мүлкүн менчиктеп алганы мажбур кылды дейт Манас Бектемиров:

- Эл өзүнүн духу менен өздөрү келип миллион деген жерлерди басып алып отурганыңар үчүн келдик.

Облбийлик жер басып алгандардан кабар албай койгон. Жаңыл Исаеванын маалымдашынча көпчүлүк ошол себептүү турак-жай курууга жер бөлүп берсин деген талап менен кечке маал бийлик алдында турду:

- Жер 7 гектар деп оформление болуптур Ташбулак айыл өкмөтүнө. Бирок чындыгында биз өзүбүз өлчөсөк 40 гектар экен ошол сарайлар жайгашкан жер. Ошол жерге үй-жайы жок адамдар чогулуп, 5 сотыхтан жер тиеби деп, бөлүп алып турак-жай курганга берсин деп суранып келип отурабыз.

Бирок, элдин алдына губернатор да, облбийлик ичинде жүрөт деген Кадыржан Батыров да чыккан жок. Жалалабат шаары менен Сузак районунун бийлик, укук жана тартип коргоо уюмдарынын жетекчилери сүйлөшүү жүргүзүп, маселени мыйзам жолу менен чечүүнү сунуш кылганын Манас Бектемиров билдирди.

Кароосуз жерди ээлегендердин арасында түрдүү улуттун көп бүлөлүү оору, үй-жайсыз жарандары көп. Он балалуу Огулхан аттуу өзбек аял үй курууга жер алмайын кетпейм деген оюн айтты:

- Биз балдарыбыз үйлүү-жайлуу болсун деп атабыз. Бөлүп бергиче ушул жерде турабыз.

Пенсия курагындагы жумушсуз Мамашарип Жалалов түтүн булатаар уул-кыздары менен бир бөлмөдө жашайт:

- Өкмөттүн үйүндө турам. Үч балам бар, бир кызым колумда. Үчөөнү тең үйлөнтүшүм керек, жай жок. Бул жерде көп улуттуу адамдар бар.

Депутат Кадыржан Батыровдун пикирине караганда менчик жерге адамдардын көп чогулуусуна Манас Бектемировдун «жер бекер берилет» деп эл ичине жалган маалымат таратуусу себеп болду:

- Элдин Манас Бектенов деген лидери бар. Ошол киши бүт элге, жерди бекер берип атат, келгиле деген маалымат таратып, элди чогултуп, кайда кандай объектилер болсо ачыктан-ачык ээлеп отурушат. Манаска кылмыш иши козголгон жок, анткени бул башка адамдардын заказын аткарып атат.

Коомдук тартип сакчыларынын изилдөөсү боюнча жер басып алгандардын бары эле Жалалабат шаарынын тургундары эмес. Шаардын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Торобаевдин айтымында Сузак, Ноокен райондорунан да жарандар чогулган:

- Ноокен, Сузак, Октябрский, Совет райондорунан келишкен. Баарын шаарга батыра албайбыз. Биринчиден, шаарда пропискасы болуш керек, анан кийин жерди бөлүп бере алабыз. Прописка жок айылдыктар келе берсе, айылда ким калат?

Менчик жердин тагдыры сот аркылуу чечилет. Жер ээлөөчүлөргө ушул маселе түшүндүрүлгөнүн Сузактын акими Жусупбек Максуталиев айтты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG