Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

ЭКИ КҮНДӨ ПАСПОРТ – 200 ЕВРО


Апта соңундагы кыргыз гезиттеринде саясий темадагы макалалар арбын. Бийлик менен оппозициянын мамилеси, геосаясий кырдаал жайында ой жүгүртүүлөр, пикирлер жарыяланды.

«Кыргыз руху» гезити «Жөжөнү күздө эсептейбиз», «Тыныгуу деп тыныгып калбайлы?» деген аталышта эки макала жарыялады. Анда президент, бийлик дарегине көп эле суроолор берилгендиги айтылат. Гезиттин ырасташынча, ал суроолордун бир да бирөөнө ачык жооп берилген жок. Ошол себептүү жай ичи бийлик оппозицияны кысымга алуу, бизнесинен кынтык табыш аракетин жасайт, деп жазат Жазгүл Масалиева.

Дин иштери боюнча мамкомиссиянын башкы адиси Жаныбек Ботоев ушул эле гезитте жарыяланган маегинде «ректорлорубуздун Мунду ээрчигени уят иш болду, бирок министр унчукпаганына таң калам» дейт. Анын айтуусунда, чет элдик миссионерлердин ишин токтотууга мамкомиссиянын акысы жок. Ошондуктан экстремисттик топторду, секталарды чектөө боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек.

«Жаңы ордо» гезити президент К.Бакиев кырдаалды көзөмөлүнө алганын баяндайт. Оппозициянын жетекчилеринин бири А.Бекназаров конституциялык долбоорлорду даярдоочу жумушчу топтун башчысы, К.Байболов укук коргоо системасынын ишин реформалоонун концепциясын иштеп чыгуучу топту жетектейт. Ушул эле гезитте жарыяланган маегинде мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров оппозицияны ишке тартуу, алар менен кызматташуу А.Акаевдин тушунда ойго келбеген иш болсо, азыр ал көнүмүшкө айланганын белгилеген.

Кыргызстандын башкы прокурорунун орунбасары Абибулла Абдугапаров «тергөө тереңдеген сайын Акаевдин үй-бүлөсүнүн жаңы кылмыш эпизоддорунун бети ачылып, келтирген зыяндарынын өлчөмү өсүп» жатканын ушул эле гезиттеги маегинде ырастаган. Конституция боюнча А.Акаев кол тийбестик укугуна ээ. Бирок да, ««Сиабеко», «Камеко», «Аксы» жана башка кылмыштуу иштер бириктирилип баа берилсе, Аскар Акаевдин укуксуз аракеттери бир тармак эмес, жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы багытталгандыгы айгине болот», дейт А.Абдугапаров.

Эки күндө паспорттун даяр болушу куру сөз эмес, анык иш экенин жума күнкү «МСН» гезитинде Елена Скородумова жазды. Паспорт столунда жакындан бери тез аранын ичинде паспорт даярдап берүү кызматы ишке киришти. Тезинен паспорт алгысы келгендер иштин ыкчамдыгына жараша кошумча акы төлөшөт. Эгер эки күн ичинде паспорт даяр болсун десеңиз 200 еврону паспорт столуна төлөйсүз, деп жазат макала автору.

Кыргызстандын аскеринде көбүнесе кедейлердин балдары, пара берип атуулдук милдетин өтөөдөн калуу мүмкүнчүлүгү жоктор кызмат өтөйт. Кыргызстанда 80 ашуун улуттун өкүлдөрү жашаганы менен аскер катарынан башка улут өкүлдөрүн көрө албайсың, деп жазат Е.Мешкова.

Цемент менен шифердин баасы аябагандай көтөрүлүп, экономикалык маселе саясий маани-мазмунга ээ болуп баратат, деп белгилейт жума күнкү «Кыргыз туусу» гезити. Кошумча нарк салыгын кошкондогу цементтин заводдон чыккан баасы тоннасы 1722 сомду түзсө, Кыргызстанда ал 4000 – 5000 сомдон сатылууда. 114 сомдук шифер 200 сомго чыкты, деп маалымдайт «Кыргыз туусу» гезити.

Кыргызстандан америкалык эки дипломаттын чыгарылышынын чоо-жайына жума күнкү «Эркинтоо» гезитинде Сакы Садыков токтолду. Кыргызстан эгемендик тушунда АКШдан көп колдоо алды, мындан ары да колдоосуна муктаж. «Бирок бул деген АКШнын Кыргызстанга багытталган саясатына өлкөнүн ички иштерине ой келди кийлигише берүүсүнө жол койгондук деп түшүнүүгө болбойт», деп жазат макала автору.

«Каалайбызбы, жокпу Кытайдын биздин өлкөгө болгон кызыкчылыгы күчөп, мындан ары таасири да арта берет. Россия менен болсо жүз жылдап бир мамлекет катары жашап, аң-сезимибиз аралашып, кандайдыр бир жашоо жалпылыгы пайда болгон», дейт С.Садыков.

«Эркинтоо» гезитинин жаңы санында эл акыны Омор Султановдун маеги жарыяланды. Эл өзүнө жараша депутатты шайлайт, азыр калк бир пачка тузга, шекерге, аракка, акчага алданып жатпайбы, дейт О.Султанов. Акындын айтуусунда, демократия деп эле жыйын куруп жатышкандар көбөйүп кетти. «Мындай болуп калганга биз баарыбыз күнөөлүүбүз», дейт эл акыны.
XS
SM
MD
LG