Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Вашингтон аскердик базасынын ижара акысы үчүн Кыргызстанга 150 миллион доллар бермей болду


14-июлда Бишкекте "Манас" аба майданында жайгашкан америкалык аскер базасынын ижара акысы боюнча кыргыз-америка сүйлөшүүсү соңуна чыкты.

"Бул жеңиш. Кыргызстандын жеңиши. АКШнын Кыргызстанды түшүнүүсү. Бир да экономикалык обьект жыл ичинде мынчалык киреше бербейт",- деп билдирди сүйлөшүүдөгү кыргыз тараптын башчысы, коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов.

АКШнын элчилиги да сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аяктаганын тастыктап, Вашингтон келерки жылы Кыргызстанга 150 миллион доллар берерин билдирди. Кыргызстан менен АКШнын делегациясы "Манас" аба майданынын ижара акысы боюнча сүйлөшүүнүн экинчи этабын 12-июлда башташкан эле.

XS
SM
MD
LG