Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

“ДОРДОЙ- ДИНАМО” КОМАНДАСЫ КЫТАЙ ЖЕРГЕСИНЕ МЕЛДЕШКЕ БАРАТ


15-июлдан 18-июлга чейин Кытайдын Артыш шаарында Азия футбол континенталдык федерациясынын Президентинин кубогун жеңген Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Артыш, Үрүмчү жана Кашкар шаарларынын футболчулары менен жолдоштук беттешүү өткөрөт.

Азия футбол континенталдык федерациясынын президентинин кубогунун жеңүүчүсү, Кыргызстандын эки жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы Кытай эл республикасынын Артыш шаарында өтө турган үч жолдоштук беттешүүгө катышмакчы. Себеби кыргызстандык белгилүү ишкерлер Табылды Эгембердиев менен Аскар Салымбековдун демилгеси менен 18-июлда Кытайдын Артышында «Шоро» менен «Дордой» компаниялары биргелешип курган жарма заводунун ачылыш аземи өтөт. Анын урматына «Дордой-Динамо» футболдук командасы кытайдын үч футболдук командасы менен беттешет. Ушул жолдоштук беттешүүлөр тууралуу «Дордой» ассоциациясынын вице- президенти Шаршен Касенов мындай деди:

"Үрүмчү шаарынын футболдук командасы Бүткүл Кытайдын чемпионатында 7-8- орундарды ээлеп, Синзян уйгур автономия облусунун чемпиону экен. Ал эми Артыш менен Кашкар шаарынын футболдук командалары да мыкты дешүүдө. Биздин жигиттер толук курамы менен кетти. Артышта жаңы ачылган жарма заводун рекламалап, кыргыз- кытай достугун бекемдеп, кыргыздар кандай футбол ойноорун көрсөтүп келебиз. Намысты колдон чыгарбоого аракет кылабыз да".

Жакында эле Германияда өткөн 18 - дүйнө чемпионатынын оюндарына күбө болуп келген Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов Футбол дагы чоң саясат, улуттук духту, намысты көтөргөн спорт оюндары идеологиянын башаты болоорун белгилеп, күзүндө өлкөдө футболду өнүктүрүү боюнча өз программасын жарыялаарын билдирди.

"Кийинки жылдары Кыргызстанда футболдун деңгээли төмөндөп, өкмөт жетекчилери куру убадалар менен гана курсак тойгузуп, спортко көңүл бурбай келген. Ал эми футбол деген жөн гана оюн эмес, бул өлкөнүн ар- намысы, улуттун рух- дөөлөтү, өлкөнү эл аралык аренада таанытуучу визиттик эн белгиси. Футбол- бул философия, идеология- жаштардын духун көтөрүүчү, ден соолугун чыңдоочу соолбос булак.Ошондуктан футболду алдыга кетип бараткан поездге салыштырсак, Кыргызстан акыркы вагонуна эптеп жармашкан шайы ооп, кулап түшүп калуу коркунучундагы өлкө. Дүйнө чемпионатын көрүп абдан таасирленип келдим. Күзүндө өлкөдөгү футболду айрыкча айыл жергесинде кантип өнүктүрүү боюнча өкмөткө, парламентке, футбол федерациясына өз программамды сунуштайм".

Кытайдагы беттешүүлөр «Дордой- Динамо» командасынын чеберчилигинин өсүшүнө салым кошоорун футболчулардын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов кошумчалады.

Артышка аттанаар алдында президент Курманбек Бакиев да Нарындын “Дордой- Динамо” футбол командасынын мүчөлөрүн, жетекчилерин кабыл алып, Азия футбол федерациясынын президентинин Кубогун утуп келгени менен куттуктап, өлкөнү таанытып келгени үчүн ыраазычылык билдирип, Кытайдан да жеңиш менен кайтып келишине тилек кылды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG