Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

ИШКЕР СУЛЕЙМАНОВ ИЧКИ ИШТЕР КЫЗМАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИН КҮНӨӨЛӨП ЖАТАТ


Өткөн жумаларда өтө ири өлчөмдөгү акчаларды бирөөлөрдөн алдап алып кайрып бербей келаткандыгы үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармасы тарабынан камакка алынып, кечээ кайра өлкөдөн башка жакка чыгып кетпөө кепилдиги менен абактан бошотулган Бишкектик ишкер Мугруш Сулейманов массалык маалымат каражаттары үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Сулеймановдун айтымында, ага коюлуп аткан бардык күнөө, тактап айтканда 308 миң долларды алып бербей койгон деген болбогон сөз. Бул иштердин баарын Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчиси Молдомуса Конгантиев жасап жатат.

Ушул айдын алгачкы жумаларынын биринде Бишкектик ишкер, 1956-жылы туулган Мугруш Сулейманов бирөөлөрдүн ири өлчөмдөгү акчаларын алдап алып, канча жылдан бери кайрып бербей келаткан деген айып менен камакка алынган эле. Тактап айтканда М.Сулейманов 308 миң АКШ долларын бербей жүргөн.

Мындан тышкары ага О.Обертинская деген кызды дайынсыз жоготкон деген да күнөө коюлган. Бирок, 13-июлдун таңында өлкөдөн башка жакка чыгып кетпөө кепилдиги менен шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу абагында жаткан ишкер М.Сулейманов бошоп чыкты.

- Менин буга дейре жасап келген иштерим менен эчкимдин иши болгон жок. Балдар аянтын курганым менен да, иши жокторду иш менен камсыз кылганым менен да эчкимдин иши болбоду. Салык төлөп атканым менен да эчкимдин иши болбоду. Көрсө Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчиси М.Конгантиевди акча гана кызыктырат экен. Он эки жыл мурдагы жабалып калган ишти кайра көтөрүп чыгышты. Мени, үйбүлөмдү коркутушту. Мажбурлоо жолу менен тилкат жаздырышты. Качанкы бир ишти ачышат деле кайра жабышат, ачылган ишти Конгантиевдин улуусуна жөнөтүшөт, Конгантиевдин кичүүсү кайра камакка алат, тергөөчү Култаев мырза менден 7 миң доллар алат да кайра жабат, деги бул канчага чейин созулушу мүмкүн, - деди ишкер М.Сулейманов.

М.Сулеймановго О.Обертинская аттуу кыздын жок болуп кетүүсүнө да күнөөкөр деген айып кoюлганын жогоруда айтканбыз. Бул боюнча ал төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- Ал хулиганка! Ал аферистка! Ал Орусия жараны. Мамлекетке кайдагы бир орусия жаранынын тагдыры кымбатпы же өлкөгө миллиондогон сом салык төлөп аткан ишкердин тагдыры кымбатпы? Шаардык ички иштер башкармалыгында жасалып аткан мындай иштердин баары мыйзамсыз. Бул деген зомбулук, кордоо. Кечээ эртең менен мени бошотоордо СИЗОго маскачан үчөө кирип, мени камерадан сүйлөшчү бөлмөгө сүйрөп чыгышты. Кайсы бир документке кол койдуруш үчүн уруп-согушту. Көз айнексиз көрө албайм деп мен кол койбой койдум. Ошондо үстөлгө жаткырып алып дубинка менен сабап, оозума арак куюшту. Мен баары бир кол койбой койдум. Урматтуу Президент! Мындай “кыяматты” токтотууга сиздин гана мүмкүнчүлүгүңүз бар. Мындай ээнбаштыкты сиз гана токтото аласыз. Мен аябай чарчадым. Мен иштей албай калдым, - дейт ишкер М.Сулейманов.

Тилекке каршы бул күнү Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчиси Молдомуса Конгантиев мырза менен байланышууга мүмкүндүк болбогондуктан анын басма сөз кызматынын жетекчиси Тимур Иманкуловго кайрылууга туура келди:

КАБАРЧЫ : - Маалымат жыйынында ишкер М.Сулейманов сиздердин дарекке катуу күнөө койду. Аны Молдомуса Конгантиев иш бөлмөсүнө алып кирип, аерден өзүнүн креслосунда олтурган сулуу жигитти көрсөтүп, “муну тааныйсыңбы, бул деген Марат Бакиевдин өзү болот” деп айтканын, ага коюлуп аткан күнөөлөрдүн баары жалган жаала экендигин айтып чыкты, сиздер буга кандайча жооп берет элеңиздер?

Т. ИМАНКУЛОВ: - Мунун баары анын демейдеги калпы.

КАБАРЧЫ: - Анын камактан кайра бошоп чыкканын кандайча түшүндүрөсүз?

Т.ИМАНКУЛОВ: - Мен билбейт экемин. Анын документтерин ички иштер бөлүмүнөн алып кетишти,сыягы же улуттук коопсуздук кызматына же прокуратурага беришти окшойт. Кандай себеп менен антишкенин мен билбейт экемин. Бирок М.Сулеймановдун АКИ ПРЕСС маалымат агенттигинде айткандарынын баары жалган.

XS
SM
MD
LG