Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Баткенде Баш мыйзамдын долбоорлорун талдашты


БАТКЕН. Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу тобу Баткен шаарында өткөргөн жыйынында эл арасынан айтылган сунуштардын көпчүлүгү кийин мамлекеттик бийликтер менен бирге ишке ашуусунун зарылдыгы айтылды. Баткен коомчулугу кыргыз тили жалгыз гана мамлекеттик тил бойдон калыш керектиги, депутаттардын жана сот кызматкерлеринин кол тийбестиги туурасында өз ойлорун ортого салышты. Баш мыйзамдын жаңы долбоору тууралуу элдин оюн билүү үчүн Баткен облусуна аталган комиссиянын жумушчу тобунун төрагасы Азимбек Бекназаров жана мүчөсү Бектур Зулпуев келишти.

Аманбек Жапаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG