Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Улуттук коопсуздук кызматынын атайын операциясы улантылат


БИШКЕК. Террордук акцияга катыштыгы бар адамдарды издөө үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын атайын операциясы улантылат. Кечээ күнү Ислам халифатын орноштурууга чакырык жазылган баракчаларды Жалалабадда таркатып жүргөн "Хизб ут-тахрир" партиясынын 4 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалалабад облустук коопсуздук кызматынын башчысы Равшан Балтабаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жума күнү Жалалабадда Өзбекстандын Ислам кыймылынын куралдуу беш мүчөсү укук коргоо органдарына ок атып каршылык көргөзүшкөн. Жыйынтыгында аталган кыймылдын беш мүчөсү окко учуп, Улуттук коопсуздук кызматынын бир жоокери жаракат алган.

XS
SM
MD
LG