- Йоган Борхерт мырза, Кыргызстанга биринчи иш сапарыңыз тууралуу айта кетсеңиз. Кыргызстан сизге кандай таасир калтырды? Демократиялык жаңылануулардын шарапаты сырт көзгө билинет бекен?
- Менин оюмча, Кыргызстан реформалардын негизги бөлүгүнөн өттү. Бирок, дагы көп нерселерди жасоо керек. Мени абдан кубандырган нерсе Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жайылышы болду, эркин гезиттер, маалымдоо каражаттары арбын экен. Аларда өнүгүү жолундагы өксүктөр такай айтылып турат. Германия реформалардын аткарылышы, аны жүзөгө ашырууга жардам берип келген, дагы бере бермекчи.
Германия техникалык көмөк көрсөтүү, каржылык жагынан кызматташууда. Менин бул жерге келгендеги максатым - техникалык көмөк көрсөтүү долбоорлорунун аткарылышы менен таанышуу болчу. Сизге жолугардын алдында Каржы министри менен кезигиштим. Анда аймактардын өнүгүшү тууралуу кеп кылдык. Кечээ болсо сиздердин өлкөдөгү кесиптик окуу жайлары жөнүндө пикир алышканбыз. Билим министрлиги менен бул жаатта кызматташуу ниетин билдирип протоколго кол койдук. Анда бул системанын мындан аркы өнүгүшүн аныктадык. Ошентип, системанын мындан аркы өнүгүшүнө шарт түздүк го деп ойлойм.
Биз ошондой эле соода, кызмат көрсөтүү кооперативдерине жардам беребиз. Бул өндүрүшчүлөрдүн биримдиги. Алардын толгон-токой проблемалары бар. Биз да аны талкууладык. Анан да орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүү маселелерин да козгодук. Анын өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жаткан жагдайларды белгиледик. Аны алдыга жылдыруунун жолдорун айттык, мисалы, бюрократиялык тоскоолдуктардын жоюлушу жана башка жагдайлар.
Каржылык жаатындагы кызматташууну да талкуулайбыз. Андай долбоорлордун бири өпкө оорусуна каршы күрөшүү, эне менен баланын саламаттыгын коргоо. Менин оюмча, бул долбоорлор сиздердин өлкөнүн саламаттыгын сактоого жардамын тийгизет. Мен үйүмө кетип баратып мындай жардамдар сөзсүз керек экендигине ынандым. Ошондуктан аны дагы өнүктүрүү зарыл.
- Жакында Берлинде болгон чагымда Бундестагдын бир топ мүчөлөрү Кыргызстанга келерин айтышкан эле. Сиздин иш сапар ошол пландын негизинде түзүлгөн эмеспи? Ушуга улай дагы бир суроо, Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүшү тууралуу сиздин оюңузду билгим келет.
- Билесизби, мен иш сапарымда Кыргызстан менен Өзбекстанда эле болом. Башка өлкөлөргө барууга убактым жетишпейт. Ушуга улай бир нерсени айта кетейин, албетте, мен бул жерлердеги башка долбоорлор менен да таанышып чыгам. Алардын аткарылышы тууралуу маалыматты такай алып турабыз. Германиянын бул жердеги элчилиги, долбоорлорду аткарып жаткан уюмдардан да маалымат алып турабыз. Мисалы, Техникалык кызматташуу боюнча немис коому, экономиканы бутуна тургузуу боюнча кредит коому долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жакшы кызмат аткарып жатышат. Келечекте да Кыргызстанда реформалардын жүрүшү үчүн көмөк көрсөтүүгө жардам беребиз.
Мындан тышкары сиздердин өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган күчтөрдүн кепке келишин каалар элем. Антпесе биз бир эле ишти эки жолу жасап, кайталап калышыбыз мүмкүн. Баарыбыздын аракетибиз пайдага жумшалышы керек.
- Борбор Азия республикалары үчүн өзгөчө маанилүү маселе – суу проблемасы. Сиздин расмий жолугушууларда суу проблемасы козголдубу? Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан ортосунда кыйладан бери суу проблемасы козголуп, бирок да ачык бир чечим кабыл алына элек. Калкы жыш жайгашкан Фергана өрөөнү бул жагынан алганда өтөле кысталыш кырдаалда туру. Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан бийлик эгедерлеринин бу боюнча кооптонуусун уга алдыңызбы?
- Кыргызстандагы суу проблемалары боюнча кабарым бар. Кошуна өлкөлөр да ушундай маселени башынан кечирип жатышат. Бирок да, сүйлөшүүлөрдө биз бул маселени козгогон жокпуз. Себеп дегенде, биздин иш сапардын негизги максаты немис өкмөтүнүн тапшырмасы менен бул жердеги долбоорлордун аткарылышын көрүп кетишибиз керек эле. Башка проблемаларды ошондон козгободук. Анын үстүнө суу проблемасын талкуулоо биздин ишибизге кирген эмес.
Анткен менен биз андан кем эмес маанилүү маселелерди талкууладык. Соода, өлкөлөр ортосундагы алака-катыш тууралуу сүйлөштүк. Билесиз, соода-экономикалык өнүгүүгө кубат берчү тармак. Соода кылууга жолтоо болуп жаткан тоскоолдор тууралуу кеп кылдык. Эркин соода кылуунун жолдорун талкууладык. Өлкөлөр ортосундагы карым-катышты жакшыртчу эркин сооданын артыкчылыгы, аны дагы көбөйтүү жөнүндө пикир алыштык. Европа экономикалык биримдиги түзүлгөндөн кийин соода-сатык, алака-катыш кандай дүркүрөп өскөнүн айта кетким келет. Европа бирлиги дагы кеңейип, соода алака-катышынын дагы өнүп-өрчүшүнө мыкты шарт-жагдай түзүлгөн.
- Жаңы жылдан тарта Германия Европа бирлигинин төрагалык ордуна олтурат. Мына ушул жагдай Европа менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жакындашуусуна, экономикалык тыгыз карым-катышына кандай таасир тийгизет? Мисалы үчүн Кыргызстанга. Дегеним, Европанын ири бизнеси бул жерде дээрлик жок , өтөле аз. Ага салыштырмалуу авторитардык Түркмөнстанда көбүрөөк, Казакстанды айтпай эле коеюн. Германиянын төрагалык кылышы Европа менен Борбор Азиянын соода-экономикалык, саясий карым-катышын дагы тереңдете алабы?
- Ушу таптагы Европа бирлигинин негизги мүдөө-максаттарынын бири – Борбор Азия менен кызматташууну өнүктүрүү жана кеңейтүү. Европа бирлигине төрага болгондон кийин деле Германия ушул эле максатты көздөйт, деп ойлойм. Сиз Европа бирлигинин бул жерге инвестиция алып келиши маселесин козгой кеттиңиз. Европа бирлиги ишкерлерге бул жерге келгиле деп буйрук бере албайт. Ал үчүн бул жердеги өлкөлөр өздөрү инвестицияга жагымдуу шарт түзүшү керек. Ириде инвестициянын келишине саясий туруктуулук зарыл. Ишкерлерге экономикалык эркиндик керек. Капиталды базарга алып чыгууга эч кандай тоскоолдук болбошу абзел. Немистерде жакшы кеп бар. Инвестиция элеңдеген улак сымал, ал саясий туруксуздуктан элтеңдеп коркуп турат. Өлкөдө тикелей чет эл инвестиция келиши үчүн зарыл шарттардын түзүлгөнү оң деп айткыбыз келет.
- Кеп соңунда Кыргызстан элине кандай каалоо-тилек айта кетет элеңиз?
- Мен албетте, саясий туруктуу демократияны, мамлекет коопсуздугу, өнүгүүнү каалайм!
- Йохен Борхерт мырза, аңгемеңиз үчүн ырахмат!
Бекташ Шамшиев,Бишкек