Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

“Соңкөлдү Манас жердеген” фестивалы туризмди өнүктүрүүнү көздөйт

БИШКЕК. “Соңкөлдү Манас жердеген” фестивалында манасчы, төкмө акындар ат салышып, фольклордук чыгармаларга, үрп адат, каада-салтка конкурс өткөрүлөт. Улуттук спорт оюндары боюнча мелдеш, элдик кол өнөрчүлөрдүн жасаган буюмдарынын жарманкеси 27-июлдан 30-июлга чейин Соңкөлдө өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маданият жана искусство бөлүмүнүн жетекчиси Акимбек Текешов “Азаттыкка билдирди. Анын айтымында, бул фестиваль улуттук каада-салттарды жандандыруу менен бирге Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү максатын көздөйт. Маданий иш чараны өткөрүүнү демөөрчүлөр колдоого алышкан.

Аманбек Жапаров
XS
SM
MD
LG