БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги «Хаят» мейманканасында премьер-министр Феликс Куловдун катышуусунда "Өлкөгө биргелешип жардам көрсөтүү" стратегиясын талкуулаган тегерек стол жыйыны болот. Ага донорлордун өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү катышмакчы. Жыйында Кыргызстандын өнүгүүсүндө кайсы тармактарга артыкчылык бериш маселеси талкууланат.