Санкт-Петербургда чоң сегиздин саммитинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Билдирүү кабыл алынды. Анда аймактагы кырдаалдын кескин курчушуна күнөө экстремисттик топторго коюлду. Чоң сегиздин жетекчилери Израилди катаал кадамдардан карманууга чакырып, “Хезбалланы” эки жөөт аскерин бошотууга үндөштү. Германиянын канцлери Ангела Меркель Бириккен Улуттар Уюмунун чечими аркылуу Ливанга аскердик байкоочулардын жаңы миссиясын жөнөтүү зарылдыгын белгиледи.