Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Бийлик бейөкмөт уюмдарды жөн жерден жаманатты кылууда


БИШКЕК. Бүгүн маалымат жыйынын өткөргөн бир катар бейөкмөт уюмдардын башчылары ушундай билдирүү менен чыгышты. Алар АКШ дипломаттарына байланыштуу өкмөттүк эмес уюмдарды улуттук кызыкчылыктарга каршы иштеген деп айыптоо айрым бийлик төбөлдөрүнүн бейөкмөт уюмдарды ооздуктоого жасаган аракети деп эсептешет. Кыргыз бийликтери буга дейре АКШнын эки дипломатын өзүнө тийиштүү эмес иш менен алектенип, өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери менен туура эмес байланыштарга барган деген айып менен өлкөдөн чыгарып жиберген. Бирок АКШ элчилиги мындай айыптоону негизсиз деп четке каккан.

XS
SM
MD
LG