Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

ИСКУССТВО ИНСТИТУТУ ТАЛАНТТУУ УЛАН-КЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУДА


Учурда ырчы-чоорчу, бийчи-музыкант, жана башка маданият ишмерлери эс алууда жүрүшөт. Ал эми келечекте алардын жолун жолдоп чыгармачылыкты аркалайм деген тилек менен бир катар улан-кыздар Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна документ тапшырып, экзаменге кызуу даярданып жатышкан учуру. Окуу жайдын ар бир кафедрасында атайын абитуриенттер үчүн түшүндүрмө сабактар өткөрүлүп, чыгармачылык жөндөмү бар улан-кыздар тандалып алынууда.

Мына ушул сынактан өтүп жаткан Нарын облусунун Ак-Талаа районунан келген Ринат Абдиев, бул окуу жайга бир катар аспаптарда ойногонду үйрөнсөм деген тилек менен келдим дейт:

-Кичине чагымдан эле музыкага кызыгам. Комузда, гитарада ойнойм. Ал эми бул жактан дагы башка аспаптарды тереңирээк үйрөнүп чыксам деген тилегим бар.

Окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу Өзүбек Абдылдаевдин айтымында былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл искусство институтуна тапшырган абитуриенттердин саны арбын.

-Былтыркыга караганда быйыл абитуриенттер үч-төрт эсе көп келип жаткандыгы билинип жатат. Азыркы учурда эстрада факультетине, бий топторунун жетекчилигине жана социалдык маданий ишмердигинин өзүнүн адистиги боюнча абдан көп киши келип жатат. Биз жыйырма үч адистиктин он бирине гана кабыл алып жатабыз, себеби ошолор көбүрөөк керек. Мисалы театрларга актерлор, телевидениеге үн режисер, операторлор талап кылынып жатат.

Окуу жайга тапшырган абитуриенттердин саны арбын болгону менен алардын билим деңгээлдери төмөн дейт эстрада факультетинин башчысы Абдиталип Токтогулов.

-Таластан, Нарындан, Таш-Көмүрдөн келип жатат. Мектепте тарбия берүүнүн деңгээли аябай түшүп кеткенби, билими начар улан-кыздар келип жатышат. Кээ бирлери керек болсо Кыргыз республикасынын гимнинин авторун билишпейт.

Окуу жайга ошондой эле жаңы гана мектепти бүтүрүшкөн улан-кыздар эмес, өздөрүнчө эстрадалык топторду ачып, бирок билими жоктугунан андан ары улантып кете албай ара жолдо калган чыгармачыл адамдар келишүүдө. Ал эми окуу жайдан сапатуу билим алып чыккан студенттердин көпчүлүгү өлкөдөгү айлык маянанын аздыгына байланыштуу башка мамлекеттерге кетишүүдө.
XS
SM
MD
LG