Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА КРИЗИСТИ ЧЕЧҮҮГӨ АРАКЕТТЕНҮҮДӨ


Төрөкул Дооров, Прага Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Кофи Аннан Коопсуздук Кеңешти Жакынкы Чыгыштагы кризис күчөй турган болсо, ал жерге эларалык аскерий күчтөрдү жайгаштырууга чакырды. Британиянын премьер-министри Тони Блэр бул чакырыкты колдой турганын айтты. Орус президенти Владимир Путин болсо салым кошуу иретинде ал аймакка орус аскерлерин да жөнөтөөрүн билдирди. Ошол эле учурда Блэрдин башкы союздашы, АКШнын президенти Жорж Буш, бул идеяга каршы чыгып жатат. Улуттар уюму чын эле конфликтти токтотууга жетиштүү аскерий колдоону таба алабы?

Британиялык премьер Тони Блэр ушу күндөрү согуш майданына айланган израил-ливан чек ара аймагында атышууларды токтотуунун жападан жалгыз жолу – ал жерге Улуттар уюмунун бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү деп эсептейт.

Дүйшөмбүдө Санкт-Петербургда “Чоң сегиздин” саммити ишин жыйынтыктап жатканда, Блэр “Азыр Жакынкы Чыгышка тезинен аскерлерди жибериш керек” деди.

- Менимче, ал жердеги атышууларды токтотуунун жалгыз жолу – аймакта эларалык аскер күчтөрүн жайгаштыруу. Бомба атуулардын токтошу менен Израил да “Хезбаллага” каршы чабуулдарын токтотушу керек болот, - деди Блэр.

Ал эми Улуттар уюмундагы АКШнын өкүлү Жон Болтон ага чейин бир топ жоопсуз калып жаткан суроолорду чечип алышыбыз керек дейт.

- Бейпилдик орнотуучу күчтөр ал жерде чыныгы проблеманы чечүүгө толук укук ала алышабы? Чыныгы проблема – бул “Хезбалла”. Эларалык күчтөр “Хезбалланы” куралсыздандырууга укуктуубу? Андан сырткары, алар азыр “Хезбалланы” колдоп жаткан Сирия жана Иранга карата кандай мамиледе болушат?, - деп, Жон Болтон ушул суроолорго так жооп алынмайын эларалык күчтөрдү Жакынкы Чыгышка жөнөткөнгө эртелик кылат дейт.

Энтони Кордесман, мурда АКШнын мамлекеттик жана Коргоо департаменттеринде талдоочу болуп жүргөн, азыр Вашингтондогу Стратегиялык жана Эларалык окуулар борборунда эларалык мамилелерди изилдеп жүрөт.

Кордесмандын ишениминде, Улуттар уюмунун аскер күчтөрүн Жакынкы Чыгышка жайгаштыруу маселеси азыр бир топ карама-каршылыктарга туш болуп турган чагы. Анткени ал жакка аскерлерди жөнөтүү үчүн ошол аймактын өзүндө атышуулар токтошу керек. Мунун баары Израил менен Ливан качан гана Улуттар уюмунун кийлигишүүсүнүн маанисин түшүнүшкөндө болбосо, ага чейин өзгөрүү болушу арсар дейт ал.

- “Хезбалла” чын эле куралсыздандыруу боюнча күчтүү аракеттер болоорун, ал эми Израил БУУ тараптан чечкиндүү аракеттер көрүлө турганын өздөрү сезип түшүнмөйүн, ал жерде атышуулар токтобойт. Эларалык аскер күчтөрүн аймакка жайгаштыруу мүмкүнбү – демек, баш-катчы ошого үндөшү зарыл. Ал чын эле буга бара алабы-жокпу, ал бул үчүн аракет кылып жатабы – муну билүү оңой эмес, – дейт америкалык эксперт Кордесман.

XS
SM
MD
LG