Индонезиянын Ява аралындагы цунамиден шейит кеткендердин саны соңку маалыматтар боюнча 105тен ашты. Жүздөн ашуун адам, алардын ичинде ондогон чет өлкөлүк жарандардын тагдыры белгисиз бойдон калууда. Цунами Индия океанындагы Рихтер таякчасы боюнча 7,7 балл жер титирөөгө байланыштуу пайда болгон.