Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

ООГАНСТАН ЭЛДИН ЖҮРҮМ-ТУРУМУН КӨЗӨМӨЛДӨЙТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ооганстанда адеп-ахлак департаментин түзүү сунушу талкууланып жатат. Ооган укук коргоо уюмдары жана айрыкча аялдар менен кыздар андай департаменттин түзүлүшү менен Талибан учурундагыдай жүрүм- турумдун катаң режими кайтып орнотуларынан кооптонуп жатышат. Бирок өкмөт мындай кооптонууларды негизсиз деп, жаңы департамент исламдын принциптерин күч менен ишке ашырууну пландаштырбай турганын билдирүүдө.

Талибандын учурунда адеп-ахлак кызматы тарабынан куугунтукка алынып, сакалың узун эмес деп таяк жеп, запкы тарткан Фарид деген студент андай министрликтин түзүлүшү талибандын түркөй режимин эске салып жатканын баяндайт. Ооган эли реформаларга, билим берүү тармагынын өнүгүп- өсүп, илим менен технологиянын өөрчүшүнө муктаж. Ооганстан туруктуулук менен прогресске ушул жол менен гана жетише алат, адеп-ахлак институтун киргизүүдөн пайда жок, дейт Кабул университетинин студенти.

Талибандын адеп- ахлак институту коомчулуктун жүрөк үшүн алган мекеме болгон. Анын патрулдары көчөдө жүргөн адамдардын кийген кийми, жүрүм- турумунан бери көзөмөлдөп, эркектердин сакалынын узун болушун, аялдардын бети менен тулку боюн жаап жүрүүсүн текшерип, эрежени бузгандардан балак алып, жазалашчу. Эркек менен көңүлдөш болгон аялдар таш бараңга алынуучу.

Эми ооган өкмөтү адеп-ахлак институнун кайрадан түзгөнү турат. Өкмөттүн айтымында, жаңы түзүлө турган департамент алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө жана сойкулукка тыйуу салып, исламдык жашоо жолойунун сакталуусун көзөмөлдөйт. Диний маселелер боюнча министрдин орун басары Гази Сулейман Хамеддин айтымында, жаңы түзүлө турган институт менен Талибан учурундагы кызматты салыштырып болбойт.

"Талибандын дин түшүнүгү башка мусулман мамлекеттердикинен таптакыр айырмалануучу. Бизде адеп-ахлак эрежесине шылтоолоп эч ким башкаларды кысмактай албайт. Динаятчылар жарандардын кудайга жакындашын каалашат. Ал эми андай жакындоо билим алуу, Аллага табынуу жана ильхамдуулук аркылуу мүмкүн. Жаңы институтту түзүү адамдардын жашоо жолойуна катаң көзөмөл киргизилет дегендикке жатпайт",- деп билдирди Гази Сулейман Хамед.

16-июнда таратылган маалыматтар боюнча президент Карзай биз сөз кылып жаткан адеп-ахлак институнун түзүүгө макулдугун берип, маселени парламенттин кароосуна сунуш кылган. Парламент бул жөнүндөгү чечимди качан кабыл алаары белгисиз, бирок укук коргоочулар ооган коомчулугу бул кабарга камтама болуп жатканын маалымдашат.

Хьюман Райтс Уотч уюмунун Ооганстандагы бөлүмүнүн кызматкери Сам Зия Зарифи буларды билдирди:"Ооган эли экономикалык жактан кыйналып, өлкө өткөөл чакта турган азыркы кезеңде андай министрликтин түзүлүшүнөн көптөгөн оогандар, айрыкча, аялдар кооптонууда",- деп айтты укук коргоочу.

Зарифинин айтымында, мындан бир нече эле жыл мурда Талибан режимин түркөйлүгү үчүн сынга алган өкмөттүн эми минтип адеп-ахлак министрлигин түзүп жатканын динчилдердин президент Карзайга кысмак кылып жатканы менен түшүндүрүү мүмкүн. Эл аралык коомчулук Карзайга экономикалык жана коопсуздук жагынан ынандырарлык жардам бере албады. Ошон үчүн Карзай азыр азыркы кыйын учурдан пайдаланып, жагдайды диндин пайдасына чечүүгө аракеттенип жаткан күчтөрдүн кысмагына дуушар болууда, дейт укук коргоочу.

XS
SM
MD
LG