Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:14

ЧЕТ ЭЛДИК ЖАРАНДАР ЛИВАНДАН КЕТИП ЖАТЫШАТ


Израилдин авиациясы, согуш кемелери Ливанга соккуларын күчөтүштү. Чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн эвакуацияланып жатат. Бирок жергиликтүү калктын бараарга жери жок. Бейрутта көпчүлүк дүкөндөр, кеңселер жабык. Израилдин түндүгүндө да Хезболланын согушкерлери аткан ракеталар элдин нормалдуу турмушун үзгүлтүккө учуратты.

Мындан бир эле аптадай мурун бейруттуктар көчөлөрдөгү кафелерде отуруп, шашпай, жайкы эс алуу пландарын талкуулап жатышты эле.
Бейпил турмуш бир эле заматта өзгөрүп кетти, көптөрү өткөн чакка кайткандай болушту.
Сиреналардын үнү, ракеталар, эки жакка чуркаган эл, баш аламандык, канга боелгон көчөлөр.

Чет элдиктердин көбү Бейрутту таштап, кошуна Сирия аркылуу качып жатышат. Ал эми жергиликтүү тургундардын баш калкалай турган жерлери жок.
Алардын бири Бейруттагы Америка университетинин кызматкери Ибрагим Фурхи менен биздин кабарчыбыз телефон аркылуу байланышты:

-Кээ бирлер алгачкы күндөрү Сирия же Иорданияга кете алышты. Бирок азыр Бейрут курчоого алынып, көптөрү өлкөдөн чыга албай калышты.

Израилдин соккулары күчөп, алардын масштабы кеңейип жаткандыктан, ракеталар кайсы жакка учаарын айта албайсын, - деп улантат Фурхи.

-Кээде алар тоону көздөй, кээде Дамаск, кээде Триполи жолуна атылат. Эмки ракета кайсы жерге барып тиет билбейсиң.

Андыктан бейруттуктардын көпчүлүгү шаарда кала беришүүдө. Көпчүлүк дүкөндөр жабык. Элдер дээрлик иштебей калышты: радио угуп, электр кубаты бар болсо телевизор көрүшөт. Же гезит окуп, эмне болуп жатканын бакшалар менен сүйлөшүп отурушат.
Израилдиктерден айырмаланып, бизде бомбадан жашыруунучу жайлар жок, - дейт Фурхи.

Чегаранын аркы жагында болсо, Израилдин Хайфа шаарында порт, мектептер, көпчүлүк мекемелер, дүкөндөр иштебей турушат.

-Элдин көпчүлүгү дүкөндөрүн жаап коюшту. Автобустар жүрүп жатканы менен, эл демейдегиден аз. Элдер үйлөрүнө жакын болууну каалашат. Кээ бирлер шаарды таштап кетишти. Бирок андайлар аз, - дейт “Иерусалим Пост” гезитинин кабарчысы Товах Лазарофф.

Бирок ливандык Ибрагим Фурхи айтып өткөндөй, Израилде бомбадан жашырынуучу жайлар көп.

-Кээ бир турак жайларда каалгалар металл менен капталган. Терезелер атайын материалдан жасалган. Имараттарда бомбадан баш калкалоочу жайлар бар болгону менен, алар кенедей, эл болсо көп, - дейт Лазарофф.

XS
SM
MD
LG