Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

19-ИЮЛДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1914-жылдын 19-июлунда Россия империясы 1-дүйнөлүк согушка кирген. 1938-жылдын бу күнү Кыргызстанда жаңы сегизинчи шаар пайда болду.

1914-жылдын 19-июлунда Россия империясы 1-дүйнөлүк согушка кирген. Согуш кесепети империянын курамындагы колониялдык ээликтерге да тийип, алардын чарбасы согуш үчүн иштеп, өндүрүлгөн продукция жана салык согуш машинасына түшүп турган. Анын натыйжасында, калктын турмушу оордоп, Орто Азия, анын арасында Кыргызстанда 1916-жылкы Улуттук боштондук күрөш чыккан.

1938-жылдын бу күнү Кыргызстанда жаңы сегизинчи шаар пайда болду. Өкмөт чечимине ылайык мурдагы жумушчулар кыштагы болгон Кызыл кыя шаар статусун алып, мында шаар турмушуна шайкеш коомдук-маданий мекемелер, курула баштаган.

1980-жылдын бул күнү XXII жайкы Олимпиада Москва шаарында улуу салтанат менен ачылды. Ошол кездеги кансыз согуш айынан Советтер Союзунда өткөрүлгөн Олимпиаданы айрым өлкөлөр бойкот кылышкан. Анткен менен Москва олимпиадасында кыргызстандык спортчулар эбегейсиз ийгиликке жетишишкен. Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпакова, Александр Мелентьев, Сатымкул Жуманазаров, Александр Блинов, Николай Чернецкий сыяктуу спортсмендердин ысымдары Кыргызстандын спорт тарыхына алтын тамга менен жазылып калды.

1991-жылдын 19-июлунда Кыргызстанда биринчи жолу милициянын жогорку окуу жайы уюшулду. Президенттин жардыгына ылайык СССР ИИМ адистешкен орто мектеби Кыргызстан Республикасынын ИИМине караштуу Бишкек милициясынын жогорку мектеби болуп кайра түзүлгөн.

2003-жылдын 19-июлунда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Кыргыз Республикасына жаңы элчи дайындалгандыгын билдирди. Жаңы элчи философия илимдеринин доктору Стивен Янг экендиги жана ал ыйгарым укук кызматын август айынан тарта аткара тургандыгы маалым болду. Кыргызстандын кийинки саясий өнүгүүсү көрсөткөндөй Стивен Янгдын ысмы жана саясий ишмердүүлүгү өлкө тарыхы үчүн олуттуу роль ойногон.

Бул күнү, 1941-жылы И. В. Сталин Коргоо наркому болуп дайындалып, 1814-жылы атактуу «Кольт» тапанчасын ойлоп тапкан Самуил Кольт, 1893-жылы айтылуу акын Владимир Маяковский, 1934-жылы таанымал актер Александр Ширвинд, 1935-жылы актер Василий Ливанов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG