Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

“ДОРДОЙ- ДИНАМО” КОМАНДАСЫНЫН КЫТАЙ ЖЕРГЕСИНДЕГИ ЖЕҢИШИ


15-июлдан 19-июлга чейин Кытайдын Артыш шаарында Нарындын «Дордой- Динамо» командасы менен Артыш, Үрүмчү жана Кашкар шаарларынын тандалма командалары менен жолдоштук беттешүүлөрдү өткөрдү. Бул мелдештер дордойчулардын жеңиши менен аяктады.

Кыргызстандык белгилүү ишкерлер Табылды Эгембердиев менен Аскар Салымбековдун демилгеси менен 18-июлда Кытайдын Артышында «Шоро» менен «Дордой» компаниялары биргелешип курган жарма заводунун ачылыш аземи болуп өттү. Анын урматына Азия футбол континенталдык федерациясынын президентинин кубогунун жеңүүчүсү, Кыргызстандын эки жолку чемпиону Нарындын "Дордой-Динамо" командасы Кытайдын Синцян Уйгур автономиялуу облусунда үч жолдоштук беттешүү өткөрдү. Нарындын "Дордой-Динамо" командасы алгачкы беттешүүдө Кытай эл республикасынын Кашкар шаарынын тандалма командасын 5:0 эсебинде жеңип алган. Артыш шаарында өткөн жолдоштук беттешүүлөр тууралуу «Дордой» футбол клубунун президенти, Жогорку кеңештин депутаты Аскар Салымбеков телефон аркылуу мындай деп билдирди:

- Кечээ биргелешкен ишкана-жарма, суусундук заводунун ачылышы болуп, кытайлык жетекчилер келишти. Бул кытай жергесиндеги кыргыздын биринчи өндүрүшү болуп саналат, аны дагы кенейтүүгө аракет кылабыз. Ушул салтанаттын урматына футбол турнири да болду.

Үрүмчү шаарынын футболдук командасы Бүткүл Кытайдын чемпионатында 7-8- орундарды ээлеп, Синцзян уйгур автономия облусунун чемпиону экен. Ал команданы да экинчи беттешүүдө “Дордой-Динамо” командабыз 1:0 эсебинде жеңип алышты. Бул беттешүүнү көрүү үчүн 20 миңден ашуун футбол күйөрманы келди. Ал эми үчүнчү беттешүүдө Артыш шаарынын футболдук командасы менен болуп, оюн курч мүнөздө өттү. Биздин жигиттер толук курамы менен барып оюнда өз чеберчиликтерин көрсөттү. . Артышта жаңы ачылган жарма заводун рекламалап, кыргыз- кытай достугун бекемдеп, кыргыздар кандай футбол ойноорун көрсөттү. Намысты колдон чыгарбоого аракет кылдык.


Жакында эле Германияда өткөн 18- дүйнө чемпионатынын оюндарына күбө болуп келген Бишкек шаардык кеңештин депутаты, «Шер» футбол клубунун президенти Айбек Осмоналиев Футбол дагы чоң саясат, улуттук духту, намысты көтөргөн спорт оюндары, футболдук беттешүүлөр болсо, достук да чыңаларын билдирди.

- Кийинки жылдары Кыргызстанда футболдун деңгээли төмөндөп, өкмөт жетекчилери куру убадалар менен гана курсак тойгузуп, спортко көңүл бурбай келген. Ал эми футбол деген жөн гана оюн эмес, бул өлкөнүн ар-намысы, улуттун рух- дөөлөтү, өлкөнү эл аралык аренада таанытуучу визиттик эн белгиси. Дүйнө чемпионатын көрүп абдан таасирленип келдим. Күзүндө Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн футбол командалары менен жолдоштук беттешүүлөрдү өткөрсөк, анда кыргыз футболунун деңгээли өсөт эле.

Кытайдагы беттешүүлөр «Дордой- Динамо» командасынын чеберчилигинин өсүшүнө салым кошконун футболчулардын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG