БИШКЕК. Бүгүн өлкө башчысы Курманбек Бакиев тартип коргоо органдарынын жетекчилери менен жабык эшик артында жыйын өткөрүшү күтүлүүдө. Анда өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышы, терроризмге, экстремизмге, криминалга каршы күрөштү күчөтүү маселеси талкууланмакчы.