Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

ГРУЗИН ПАРЛАМЕНТИ ОРУС БЕЙПИЛДИК АСКЕРЛЕРИН ӨЛКӨДӨН ЧЫГАРЫП ЖИБЕРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛДЫ


18-июлда Грузиянын парламенти өлкөдөгү Россиянын бейпилдик күчтөрүн чыгарып жиберүү үчүн чара көрүүсүн талап кылып, өкмөткө кайрылды. Резолюция мыйзам күчүнө ээ эмес, бирок парламентин чакырыгы Россия менен Грузиянын ортосундагы мамилелерди ого бетер шыкактоосу ыктымал.

Бул резолюцияны 235 депутаттын 144 колдоп, Грузиянын Абхазия менен Түштүк Осетия чөлкөмдөрүндө жайгашкан орус бейпилдик күчтөрүн өлкөдөн чыгарып жиберүүгө өкмөттү чакырышты. Оппозиция парламенттин жыйынына катышкан жок. Ошону менен бирге эле парламент өкмөттү козголоңчул региондогу жаңжалды тынчтык менен жөнгө салууга, өз жарандарынын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти моюнга алууга чечкиндүү экенине эл аралык коомчулукту ынандырууга чакырды.
Россиялык бейпилдик аскерлери бул региондордо 90-чу жылдардын башынан бери кызмат өтөп келатышат.

Россиянын саясатчылары парламенттин резолюциясы мыйзам күчүнө ээ эмес экенин айтып жатышат. Грузиянын президенти Михаил Саакашвили мындан ары кандай чаралар көрүлө тургандыгы Россияга иш визит менен барып келген соң чечиле турганын билдирди. Москвадагы сүйлөшүүлөр кандай натыйжага алып келери белгисиз, бирок 25-октябрда грузин парламентинин Россиянын өкмөтүнө былтыр койгон ультиматуму соңуна чыгууда. Мунун баары Россия менен Грузиянын мамилелерин кыйла шыкактаары талашсыз.

Грузин парламентинин резолюциясы козголоңчул Абхазия менен Түндүк Осетиянын лидерлерин бул билдирүү абдан тынчсыздандырды. Анткени, алардын көз карашында, россиялык аскерлердин чыгарып жиберүү менен Грузия бул жумурияттарды күч менен кайра өзүнө каратып алуу аракеттерин баштоосу ажеп эмес.

Абхазия менен Түштүк Осетияда жайгаштырылган орус бейпилдик күчтөрүнүн мандаттарынын ортосунда айырмачылыктар бар. Түштүк Осетияда жайгаштырылган жарым миңдей аскер Грузин жана осетин аскерлерин камтыйт, калган 500 Россиянын аскерлери. 1992-жылы жайгаштырылган бул күчтөр эки жыл бою маал-маалы менен тутанып турган араздашууларды баскан.

Бирок, Грузиянын көз карашында, жаңжал зонасын ич ара бөлүп алып күзөтүп жатышкан аскерлер ал жерде жашаган грузин улуттук азчылыгы эмес, осетиндердин кызыкчылыгын коргоодо. Эгерде Россия Грузиянын талабына көнүп, түштүк Осетиядан аскерлерин чыгарып кете турган болсо, ал аскерлердин ордуна башка эл аралык контингентти жайгаштыруу кыйынчылык түзбөйт. Бирок, Россия буга макул боло койоору күмөн, анткени Түштүк Осетия калкынын 90 проценти Россиянын паспортун алышкан. Россия бул региондун тагдыры бүткүл элдик референдумда чечилүүгө тийиш, деп эсептейт.

Абхазияда болсо Россиянын 1600 аскери жайгаштырылган. Алар Абхазияда ООНДун эгидасы боюнча кызмат өтөп жатышат. Расмий Тбилиси Россияны региондогу аскерлер грузиндердин кызыкчылыгын эмес, абхаз криминалдык топтордун кызыкчылыгын коргоп, ошол эле убакта Гали районуна кайтып келген грузин качкындарын коопсуздугун этибарга албай жатат, деп айыптоодо.

Грузиянын бул эки козголоңчул регионго каршы ыктымал күч колдонуусу Россиянын куралдуу жообуна туш болушу мүмкүн. Ошон үчүн Саакашвили кандайдыр чечим кабыл алуудан мурда Россия менен алдын ала сүйлөшүп алгысы келип, президент Владимир Путинден кандайдыр концессияларды алууга үмүттөнүп жатат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG