Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

“АЙКӨЛ ЖАЗЫ” ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЫНА ТАТЫКТУУЛАР ТАНДАЛДЫ


Жылда өтүүчү “Айкөл жазы ” фестивалы бул жолу эл аралык деңгээлде болмокчу. Ага бир катар мамлекеттерден жаш өнөрпоздордун келиши күтүлүүдө. Ал эми аталган фестивалга тандоо туру Бишкекте улуттук телевидениенин концерттик студиясында өттү.

Тандоого он алты жаштан отуз жашка чейинки талантуу улан-кыздар келишти. Фестивалдын талабына ылайык калыстар тобу фольклор, эстрада жана бий жанры боюнча таланттуу улан-кыздарды кабыл алышты. Ал эми жаш өнөрпоздор улуттук ыр-бийлер менен катар башка түрдүү улуттагы элдердин да бийлерин бийлешип, ырларынан ырдашып, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Тандоо учурунда айрым улан-кыздар менен маектешкенибизде алардын кээ бирлери тандоодон өтүп, фестивалда күч сынашабыз деген жакшы үмүттө болушса, айрымдары баары бир тааныш менен гана алышат деген ойдо болушту.

-Менин атым Гүлназа. Мен азыр кандай болот деп аябай толкунданып жатам. Бирок, чынын айтканда чындык жок бул жерде, жакшы ырдасаң деле жаман жагыңды көрсөтүп катыштырбай коюшат. Андыктан акчаң анан таанышың болсо өтөсүң.

Тандоо турунан өткөн өнөрпоздор эми 10-августан-12-августка чейин Ысыккөлдө жер-жерлерден тандалып алынган жана Орусия, Казакстан, Германия жана башка мамлекеттерден келген өнөрпоздор менен ат салышат. Бул фестивалдын уюшулганына төрт жылдын жүзү болду. Иш-чара алгач облустук, андан соң республикалык деңгээлде өткөрүлсө, уюштуруучулар бул жолу эл аралык деңгээлде өткөрүүнү ниет кылышууда. Аталган фестивалда калыстар тобунун мүчөсү болгон белгилүү эстрада ырчысы Алина Жетигенова эл ичиндеги жаш таланттарды алып чыгууда бул фестивалдын зарылчылыгы бар дейт:

-Бул фестивалдын түзүлгөнүнө аз убакыт болсо дагы атактуу иш-чаралардын бири болуп калды. Бул конкурстун жакшы жери эл ичиндеги өнөрлүү жаштарды алып чыкканга чоң көмөк көрсөтөт. Андыктан, бул фестиваль сөзсүз керек. Быйыл эл аралык деңгээлде уюштурулуп жаткандыгына байланыштуу былтыркыдан да жакшы өтөт деп ишенем.

Фестивалдын уюштуруучусу Замирбек Мукашевдин айтымында иш-чара эки максатты көздөйт.

-Бул фестивалды өткөрүүдөгү биринчи максатыбыз өнөрлүү жаштарды эл алдына алып чыгып алардын чыгармачылыгына көмөк көрсөтүү, экинчиден - Ысык-Көлдү даңазалап, өлкөбүздө туризмди өнүктүрүү.

Фестивалдын баш байгеси автомашина. Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG