Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

600 МИЛЛИОН СОМ ЭМЕС, 6 МИЛЛИАРД СОМ


Бүгүн Бишкектин райондор аралык соту Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан Центера Голд компаниясын 45 миллион сом жер салыгын төлөп берүүгө милдеттендирген чечимин күчүндө калтырды. Компаниянын ушул эле сотко быйылкы жылдын 16-февралдагы чечимин аткарууну токтото туруу өтүнүчүн четке какты.

Бишкек шаардык райондор аралык соту Центера Голд компаниясын 2003-жылдан тарта жер салыгы үчүн 45 миллион сом төлөп берүү чечимин ушул жылдын 16-февралында эле чыгарган. Чечим күчүнө киргенден кийин компания Жогорку сотко жер салыгы менен ижара акысы маселеси так чечилгенче сот чечимин аткарбай туруу өтүнүчүн жолдогон.

Арыз жогортон төмөн түшүрүлүп, кайра эле Бишкектин шаар аралык сотунда каралып, компаниянын өтүнүчү четке кагылды. Соттун мындай чечим кабыл алышына ыраазы экенин парламенттин төрага орунбасары Кубанычбек Исабеков журналисттерден жашырган жок.

-5 сотук жер үчүн салыгын төлөбөй койсо, салык инспекциясы малын сүйрөп кетип, казандарын алып койгон фактылар бар. Идиш-аягын алып кетишкен. Бул жерде килейген алтын казып аткан компания 10 миң 70 гектар жерди он үч жылдан бери төлөбөсө биз мындай басып жүрүшүбүз керек экен… Биздин мыйзамды тебелегенге эч кимдин акысы жок.

Канадалык компания Кумтөр алтын кени жайгашкан 10 миң 70 гектир жердин салыгын мыйзам негизинде төлөп бериши керектигин ырастап өткөн жылы Жетиөгүз райондук салык инспекциясы сотко кайрылган. Салык инспекциясынын таламын талашкан адвокат Каныбек Бейшеновдун ырасташынча, компания 2003-жылдан берки үч жыл үчүн гана 47 миллион сом жер салыгын төлөшү керек.

- Мына 16-февралда ушул эле предмет, ушул эле талаштуу маселе каралып чечим чыккан. Ага каршы эч ким арыз жазган жок. Чечим күчүнө киргенден кийин сот муну карабай деле коюшу керек эле. Эмнегедир сот ишти кабыл алган экен, акыйкат чечим чыгарды го деп ойлойбуз.

Центера Голд компаниясынын атынан келген Валентин Чернышов соттун мурунку 17-июлда өткөн отурумуна чакыруу убагында колуна тийбегенин айтып, эмкисине деле компаниянын кызыкчылыгын коргоочу өкүлдүн жетип келе албастыгын айтты.

- Бизге убагында келбейт деп кине коюп жатышат. Бирок да бизди кабардар кылышкан жок. 17-июлда отурум болгонун укканыбыз жок. Бүгүн болсо сотту тоотпойсуңар дешүүдө. Уктуңуз го, мен азыр сотко биздин өкүл айткан убакытка жетишип келе албайт деп айттым. Жетишип келе алабы-жокпу, аны биле албайм. Соттун сөзүн уктуңар, «бул силердин проблемаңар, сотту тоотпой жатасыңар», деди. Көрдүңүзбү, бизге кандай мамиле жасалып жатканын.


Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосундагы башкы келишимде ижарага алынган жер акысы боюнча талаштуу маселе жергиликтүү соттордо каралышы көрсөтүлгөн. Компания ижарага алган жердин кыйласын таштуу, саздак жер деп акысын төлөбөй келген. Кубанычбек Исабеков парламенттин күзгү отурумунда «Кумтөр» маселесин талкууга кое тургандыгын маалымдап, канадалык компания 600 миллион сом эмес, 6 миллиард сом салык төлөш керек эле деген пикирде.

- 600 миллион сом бюджетке төлөдү деп атышпайбы. Эгер терең карап көрсөк, булар 600 эмес, 6 миллиард сом төлөш керек болчу. Себеби жанагы генералдык келишим – бул деген мамлекетке чыккынчылык кылган келишим, - дейт К.Исабеков.

Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG