Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

ЛИВАНДАН АДАМДАРДЫ КОҢШУЛАШ ӨЛКӨЛӨРГӨ КӨЧҮРҮП ЖАТЫШАТ


Израил Ливанга каршы чабуулун дале улантууда. Анын аралыгында 10 миңдеген адамдар Ливанды таштап, коңшулаш Сирия менен Кипрге кетип жатышат. АКШ, Британия жана башка мамлекеттер деңиз-аскер флотунун кемелерин колдонуп, адамдарды башка жактарга көчүрүшүүдө. Сириянын чек-арасында миңдеген качкындарга жеңилдик иретинде бажы кызматтарынын текшерүүлөрү жеңилдетилди. Дамаскта болсо окуу жайлардын жатаканалары, мейманканалар менен мечиттер, чиркөөлөр качкындарга өз эшиктерин ачышты.

Адамдардын өтүнүчү эске алынып, Сириянын чек-ара аймагындагы бажы пункттарында кишилерди бирден текшерип өткөрчү тосмолор алынып салынды.

Көптөгөн арабдар шаардын башкы мейманкаларында бөлмөлөрдү ижарага берип жатышат. Өкмөт болсо батирге акчасы жетпегендерди да башка жерлерге жайгаштырууда.

Дамасктагы Меридиан мейманканасынын менеджери Хазем Себай азыр ыкчам көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Эки күн мурда Туризм министринин орун басары менен жолугушууда биз ливандыктарга жардам берүү үчүн атайын кризистик топ түздүк. Министрлик өкмөт менен биргеликте университеттин аймагында 500 дөй бөлмөгө, мечиттерге жана чиркөөлөргө ливандыктарды жайгаштыра турган болушту. Баардык бөлмөлөр акысыз берилет.

Ливандан Дамаскка келген Мария Хайдар жолдо көп кыйынчылыктарды көргөнүн айтат.

- Кечээ алар бизди бомбалашты, биз араң качып кутулдук. Алар биз жолдо бараткан баардык машинелерди туш тараптан аткылап жатышты. Мен биринчи жолу көчөдө адамдардын өлүктөрүн көрдүм, ошондо жолдо сириялык таксисттердин сары машинелери күйүп жаткан экен. Мен 3 жашар сиңдим менен таксиде олтургам. Элестетсеңиз, ал кыз болгону үч эле жашта жана ушунун баарын көрдү, - дейт Мария Хайдар.

Ал эми Кипр үчүн ливандыктардын келиши кайнап жаткан туристтик мезгилге туура келип калды. Ушу күндөрү Кипрде жок эле дегенде 2 млн.дой турист бар.

Бирок жергиликтүү бийликтер америкалык, британиялык жана башка европалык өлкөлөрдөн келген өкүлдөр менен биргеликте ливандыктарды жайгаштыруу маселесин чечүүгө аракет кылышууда.

“Кипр жумалыгы” аттуу журналда иштеген Чарли Чараламбоус ушу күндөрү британиялыктарды жана америкалыктарды Ливандан бир нече деңиз-аскер флотторунун кемелери Кипрге алып келип жатышканын айтты. Алардын арасында көптөрү ата-энесиз жаш балдар дейт ал. Алардын ата-энелери азырга чейин Бейрутта.

- Айрым үй-бүлөлүү бейруттуктар кемелерге балдарын гана отургузуп, өздөрү шаарда калып жатышат. Кечээ, мисалы, бир кемеде 400 жаш бала келсе, ошонун 200зү ата-энесиз экен. Көрсө, алардын ата-энелери балдарын гана жөнөтүшүптүр, - дейт Чараламбоус.

XS
SM
MD
LG