БИШКЕК. Ички иштер министрилигин маалымат кызматы Нарын облусунун аймагында кармалган бул адамдан Макаров тапанчасы жана башка курал-жарактар табылганын тастыктады. Айрым жергиликтүү маалымат агенттиктери бул адамдын Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө шектүү делгенин жазып чыгышты. Бирок ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараев мындай маалыматты четке кагып, «Азаттыкка» ал тууралуу азырынча эч кандай маалымат жоктугун билдирди.