Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 19:33

«БЕШИККЕ БӨЛӨНГӨН БАЛДАР ДА ЖОЛ БОЮНДА КАЛЫПТЫР…»


Кыргызстан саясий жагынан калтыс кыйын абалда турганда үч бийлик бутактарынын ичинен парламент туруктуу иштеп, өлкөнүн кысталыш кырдаалдан чыгышына үлкөн салымын кошту. Мындай пикирин депутат Ө.Текебаев «Общественный рейтинг» гезитине берген маегинде ырастады.

Анын айтуусунда, «Реформа үчүн» кыймылы быйыл күзүндө 20 – 30 миң киши катышкан жыйындарды өткөрөт. Элдин бийликке ишеними төмөн, анткени азыркы бийликтин ачык саясий программасы, бекем эрки жок, ошол себептүү криминалдын кысымынан жалтайлап тартынып отурат, дейт Ө.Текебаев.

Ушул эле гезитте мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун «Биз жупунураак жашоого көнүшүбүз керек» деген маеги жарыяланды. Мамлекеттик катчынын маалыматы боюнча, ушу тапта Кыргызстанда 54 жогорку окуу жайлары бар. Филиалдарын кошкондо алардын саны 112 жетет. Жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо ректордун жамаатка көз карандылыгын жаратууда. А.Мадумаров жогорку окуу жайлардын ректорлорун билим министрлигинин коллегиясы дайындаш керек, дейт.

«Общественный рейтинг» гезитинде «Талас Голд Майнинг Компани» ишканасынын жумушучуларынын укугун коргогон комитет мүчөлөрүнүн «Мындан ары чыдоого болбой калды» деген кайрылуусу жарыяланды. Эгер Кыргызстандагы ири кенди иш көзүн билбеген бирөөлөргө берип койсок бул кылыгыбызды урпактарыбыз эч качан кечирбейт, андайга жол бербешибиз керек, дейт комитет мүчөлөрү.

«Лица» гезитинин бүгүнкү санында криминалдык темада биртоп материалдар жарыяланды. Парламент депутаты Тынычбек Акматбаевди жана анын жанындагы адамдарды өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыпталынып жаткан 39 адамдын үстүнөн козголгон кылмыш иши аягына чыгып баратат. Күнөөлөнүп аткандардын айрымдарына коюлган айыптар соттук териштирүүнүн жүрүшүндө так аныкталган жок, деп маалымдайт Владимир Данилов.

Бишкектеги «Марс» жоопкерчилиги чектелүү коомунун жетекчиси Мугруш Сулеймановдун үстүнөн козголгон кылмыш ишке расмий бийлик өкүлдөрүнүн тиешеси барбы? Мугруш Сулейманов Бермет Букашева менен болгон маегинде анын дүйнө-мүлкүнө таасирдүү чиновниктер кызыгып, кыйладан бери кысым көрсөтүп келатканын маалымдаган. Маек «Ишкер Сулейманов ким? Конгантиевдердин бул жерде кандай тиешеси бар?» деген аталышта жарык көргөн.

Коопсуздук кызматкерлеринин Жалалабаттагы атайын иш-чарасынын натыйжасы, террорчулардын бир бөлүгүнүн кантип жок кылынгандыгы тууралуу репортаж «Лица» гезитинин жаңы санында чыкты. Июль айындагы окуялар, өлкө тагдыры, аны артка тарткысы келгендердин тынч үгүт-насааттан курал колдонууга өткөнү олуттуу ойлонууга түрткү берет, деп белгилейт гезит кабарчысы Радмир Сафаров.

1916-жылдагы үркүн мүшкүлү «Адабий Алатоо» гезитинин жаңы санындагы архивдик материалдардын негизинде чагылдырылган. Үркүн катышуучусу Мухаметжан Тынышпаевдин маалыматы боюнча, «Кытайга качкан кыргыз менен казактын жалпы саны болжол менен 40 000 (кырк миң) түтүндөн ашат. Бардыгы 164 миң адам. Андан кырылганы 83 миң, кайтып келгени 68 миң, кайталбай калганы 12 миң».

Мамлекеттик думанын мүчөсү А.Керенский жазалоочу отряд «өз жолундагы айылдардын баарын өрттөп, калкты эркек-аялына, жаш-карысына карабастан катары менен кырууга буйрук берди… эмчектеги балдар, абышка-кемпирлер кырылды», деп белгилеген. Гезитте 1916-жылдагы үркүн боюнча Г.Бройдонун Ташкендеги сот палатасынын прокуроруна берген көрсөтмөлөрү да жарыяланган. «Бешикке бөлөнгөн балдар да жол боюнда калыптыр… кыргыздарды аоесуз кырдым. Көзгө көрүнгөндүн бири да тирүү калган жок», деп билдирүү жазган Фон-Берг деген жазалоочу отряддын жетекчиси.

Басылманын жаңы санында адабиятчы Садык Алахандын эки томдук «Унутулган адабият» эмгегинен үзүндүлөр, Кеңешбек Асаналиевдин «Постсоветтик доор. Адабий тагдыр» деген макаласы чыкты. Биринчи макалада социализм тушунда аты аталбай келген акындардын адабий мурасы, экинчисинде социализм урагандан кийинки улут адабияты кабылган оор сыноо жайында кеп болот.
XS
SM
MD
LG