БИШКЕК. Кылмышка тиешеси бар делип шектелип кармалган алты адамга карата сот жараяны августта Кадамжай райондук сотунда каралат. Аларга чекарадан мыйзамсыз өткөн, куралдуу топту уюштурууга катыштыгы бар, улут аралык жана диний касташууга үндөгөн, террорчулук, аткезчиликке катыштыгы бар, делип айып тагылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салуучу жагдай,12-майда куралдуу топ Баткендеги “Актурпак” чекара-бажы постуна кол салып, Кадамжайдын жанында күч органдары менен ок атышып, үч куралчан адам набыт болгон. Рахманов аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Алар менен катыштыгы бар делип шектелип беш адам кармалган.