БИШКЕК. Ливандагы бомбалоодон жабыркаган кыргызстандыктар жок деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков. Анын айтымында, Кыргызстандын Ливанда атайын элчилиги жок болгондугуна карабастан, так маалыматтар ал жердеги Казакстандын жана Россиянын элчиликтеринен алынган.