Өзбек бийликтери тарабынан диний негизде саясий уюм түзгөн жана конституциялык түзүмдү жок кылууга даярданган деген айыптоо менен Акрамийлердин Анжиян шаарындагы лидери Акрам Юлдашев бир канча жылдан бери Ташкенде түрмөдө олтурат. Анын Гүлмира Максутова деген ысымды алып жүргөн кызы бизге жеткен маалыматтарга караганда, өткөн жылкы Анжиян окуяларынан бери бир жарым жашар ымыркайы жана сиңдиси менен бирге Ош шаарында туугандарынын үйүндө жашырынып жүрүшкөн. Өз атын атабоону суранган анын туугандарынын бири акыркы эки күн аралыгындагы камоолор жана анын ичинде Юлдашевдин кызынын камалышы боюнча мына буларды билдирди:
- Биздин эсеп боюнча Акрамийге мүчө дешип жети эркекти жана бир аялды кармап кетишти. Ал аял Акрам Юлдашевдин кызы Гүлмира Максутова болчу. Бечара бөйрөгүнөн ооруп, Ташкендеги ооруканага барып жаткан учурунда Анжиян окуялары чыгып кетип, ошондон тартып Ош шаарына качып келип жашырынган эле. Күйөөсүнөн дагы ушул күнгө чейин дайыны жок. 18-июль күнү жаш баласы бар экенине карабастан кармап алып кетишти. Эмне күнөөсү үчүн билбейм. Билишимче, Өзбекстандын атайын кызматтарынын суранычын аткарышты го,- деди атын атабоону суранган анын туугандарынын бири.
Бир жарым жашар эмчектеги уулун жана сиңдисин калтырган милиция кызматкерлери Гүлмира Максутованы алдын ала сурактан кийин эле ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизишкен. Жаш баланы карап жатышкан туугандары бала тамак жебей ыйлап жатканын айтышты:
- Бизге баланы алты жолу эмизгенге уруксат болот деп айтышкан эле. Бирок күнүнө бир гана жолу уруксат берип жатышат. Эч нерсе сүйлөшө алган жокпуз. Баланы эмиздирип берет, келе берем, бирок баланын курсагы тойбой ыйлап жатат. Апасын билбейм бирок, баланын ден соолугу начарласа, ким жооп берет айтыш кыйын,- дейт өзүн Камила деп тааныштырган аял.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын ага инспектору Замирбек Сыдыков болсо, Акрам Юлдашевдин кызы Гүлмира Максутова жасалма кыргыз паспортун пайдаланып жүргөндүгүнөн кармалып, анын үстүнөн кылмыш иши козголуп жаткандыгын билдирди:
- 12-май күнү ошол үйдү текшергенде ушул паспорт табылган. Ал кезде бул кыз үйдө жок болгон. 18-июлда дагы ошол үйдү текшергенде бул кыз алынып келинди,- дейт Замирбек Сыдыков.