Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 22-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:44

АЛТЫН КАЗУУ АЗАЙАТ, КӨМҮР КЫМБАТ БОЛОТ, БЮДЖЕТКЕ АКЧА АЗ ТҮШӨТ


Быйылкы жылдын алты айында жасалган иштер көңүл жубатарлык эмес. Көмүр казуу тармагында көйгөйлөр көп, ал эми газ менен электр энергиясына карыз жакын арада жоюлчудай эмес. Кумтөр алтын кенинде 13-июлда болгон кырсыктан кийин бул жылы алтын өндүрүү азайа турган болуп жатат. Бул тууралуу кечээ өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин кеңейтилген жыйынында маалымдалды.

Үстүбүздөгү жылдын алты айында Кыргызстандын жалпы өнөр жай тармагы боюнча мактанаарлык иш аткарылган эмес. Ишканалардын буга чейин топтолуп, кожоюндан кожоюнга өтүп келген карыздары жоюла элек. Көмүскөдөн ачыкка чыкса экономиканын өнүгүшүнө жакшы жардамын берет деген тигүү өнөр жайы толук түрдө ачыкка чыга элек. Ал эми өлкөнүн экономикасынын бир жакасын тартып, бюджетти толтурууга салымын кошот деп турган Кумтөр алтын кени 13-июлда болгон кырсыктан кийин бул жылы алтын өндүрүшү азайарын, муну менен комбинаттын бюджетке берер каражаты да бөксөрөөрүн айтып алакан жаюуда.

Кышка даярдык да азырынча көңүл жубатарлык эмес. Быйылкы жыл үчүн Өзбекстан менен 750 млн кубометр көгүлтүр отунга келишим түзүлгөн. Ал эми жалпы республика боюнча газга болгон керектөө 800 млн кубометр болуп эсептелет. Бирок көгүлтүр отунга болгон элдин карызы бүгүнкү күндө 57 млн сомду түздү. Эмки жылдан тарта Өзбекстан тарап газдын баасын дагы көтөрүшү мүмкүн.

Тоо-кен, геология боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Владимир Зубковдун айтымында, көмүр өндүрүү жагын өкмөт өзү көзөмөлгө алып, жардам бербесе акыбал жакшы эмес:

-Көмүр казуу тармагы биздин социалдык жактагы негизги тармак. Анткени элдин көпчүлүгү көмүр колдонот. Быйылкы жылы көмүрдүн баасы былтыркыдан кымбат болот. Анткени былтыркы Каракече көмүр кениндеги баш-аламандыктардын баарын кайра калыбына келтирүүгө тийишпиз. Мындан тышкары Жыргалаң көмүр кенин иштетүүгө да жардам керек.

Кумтөр алтын кенинде 13-июль күнү болгон кырсык алтын казуу ишин үзгүлтүккө учуратты. Эми мурда күтүлгөн 14 миң тоннага жакын алтындын ордуна 9,5 тоннага жетпеген алтын өндүрүлөт. Бул тууралуу Кумтөр Сентерра голд компаниясынын өкүлү Эндрю Льюис айтып кетти. Анын сөзү боюнча быйыл Кумтөрдүн мамлекеттик бюджетке түшүүчү үлүшү азайат:


-Кырсык болгондон кийинки болжолдоолорубузда быйылкы жылы казылып алынчу алтын мурда күткөнгө караганда 5,2 тоннага аз болорун эсептеп чыктык. Мындан бюджетке кетүүчү каражат 10 млн сомго азайат.


Жыйында учурда өкмөт башчы менен президенттин көзөмөлү алдында турган ишканалар: Кант цемент шыйпыр заводу жана Майлысуу лампа заводу тууралуу да кеп болду. Учурда өндүргөн продукциясын темир жол аркылуу гана экспорттоого уруксат берилген Кант цемент-шыйпыр заводунун иши боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Министр комбинаттын муниципалдык курулуш ишканалары менен түзгөн келишимди аткарбагандыгы ички рынокто цемент менен шыйпырдын кымбатташына апкелип жаткандыгын айтып кетти.

Ал эми Майлысуу лампа заводу ишкананын мурдагы ээлеринен калган карызды төлөшө элек. Өнөр жай, соода жана туризм министри Медетбек Керимкулов аталган заводдун энчиси учурда Казакстандын “Халык” банкында күрөөдө тургандыгын белгилеп кетти.

Ал эми жаңы жылдан тарта көмүскөдөн ачыкка чыгарууга аракеттер көрүлүп жаткан тигүү өнөр жайынын ачыкка чыгуусуна айрым бир жагдайлар бут тосууда. Бул тууралуу жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын жетекчиси Сапарбек Асанбеков маалымдады:

-Тигүү өнөр жайын легалдаштыруу үчүн цехтин ээси ар бир жумушчусу үчүн өзүнчө патент алышы керек. Азыркы учурда биздин ачыкка чыгуубузга бут тоскон ушул эле маселе болууда. Бул үчүн ишкерлер бир-эки күндөп кечке салык инспекциясында жүрүшөт. Баягы эле көп тепкичтүүлүк тоскоол болууда. Айрым ишкерлер баарына кол шилтеп басып кетип атышат да, мурда көмүскөдө кандай иштеп келген болсо, ошондой ишин улантып жатышат.

Ошентсе да өнөр жай, соода жана туризм тармагы Кыргызстандын экономикасы үчүн колдон келген салымын кошуп жаткандыгын министр белгилеп кетти:

-Жарым жыл ичинде экспорт 10% өсүп, 301 млн долларды түзсө, ал эми импорт 550 млн доллар болду. Ал эми тигүү тармагынан 200 млн сомдон ашуун, машина куруу, өнөр жай жана энергетика тармагынан жалпы 1 млрд сомдон ашуун киреше болду. Бул киреше Кумтөрдүн чыгашасын жабууга тийиш,- деп белгиледи өнөр жай, соода жана туризм министри Медетбек Керимкулов.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG