Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

ЖАЛАЛАБАТТА ЖЕР БАСЫП АЛГАНДАРДЫН АРТЫНДА БИЙЛИК ТУРАБЫ?


Жалалабатта үй-жайсыз адамдар депутат Кадыржан Батыровго тиешелүү деп эсептелген жер аянттарын 21-июлда бөлүп алууга киришкен. Алар облустун түрдүү аймактарынан келип, Жалалабат шаарында батирлерде жашаган турмушу начар ар кыл улуттун өкүлдөрү. Кадыржан Батыровдун айтымында, жер ээлегендердин артында бийлик турат. Депутаттын мындай аыйпттосун облус губернаторунун орун басары куру доомат деп четке какты.

Депутат Кадыржан Батыровго караштуу жер аянттарынан үлүш алсам деген адамдардын тизмеси 4 миң адамдан ашып кетти. “Чындык” аттуу коомдун төрагасы Манас Бектемировдун айтымында, жума күнү үй-жайсыз 32 кишиге алгачкы жер аянты кесилип берилди.

Тамара Илиязова үч баласы менен батирде жашайт. Беш жылдан бери орун-очогу жок аял бөлүнгөн жерге башка калка куруп алсам дейт:

- 4 сотых жер алдым. Үй курам. Батирде үч балам менен турам. Жерди сатып алууга шартым жок. Эптеп үй куруп алайын деп жатам.

Үч үй-бүлө бир үйдө жашагандыктан Кундуз Буудайчиева да кезегин күтүп турат:

- Үчөөбүздүн чамабыз жок. Эки келин, үч аял бир үйдө жашайбыз. Мындай жашоо болбойт экен. Жоктун айласынан келдик.


Коомдун мүчөсү Турсунай Токтоболотова кароосуз жер тиешелүү документтери текшерилген соң, улутуна карабай тегиз бөлүнүп, турак-жайы бар адамдарга жер берилбей жатканын айтты:

- Көп бүлөлүүлөргө, анча-мынча кыйналгандарга жер берилип жатат. Беш кишиден комиссия түзүлгөн. Бешөөбүз тең текшерип жатабыз. Документтерин тууралап иштеп жатабыз.

Күн сайын 500гө жакын адам турган жерде айланасы бетон менен тосулган талаадан башка жашоого ылайыктуу имарат, же электр жарыгы, же ичээрге суу да жок. Байдилда Исмаилов жер басып алгандар кийинчерээк социалдык мекемелерди курууга аракет кыларын билдирди:

- Турак жай куруш керек. Мектеп, жолдор курулушу керек.


Облустук прокуратуранын бөлүм башчысы Каныбек Калбаев менчик мыйзам тарабынан корголоорун айтып, жер ээлөөчүлөрдү текшерүүнүн жыйынтыгын күтүүгө чакырган:

- Конституция боюнча эч ким кийлигише албайт. Кандай менчик, каяктан келип чыкты жана документи боюнча кимдики экени текшерилүүдө.

Жер ченегичтер кароосуз жердин 41 гектардан ашык экендигин аныкташкан. Депутат Кадыржан Батыровдун айтымында, “бекер жер таркатылып жатыптыр” деген имиш тарагандыктан жер ээлегендер көбөйүп кеткен жана ал акционер болгон “Темирташ”, “Достук” акционердик коомдоруна 12 гектар караштуу. “Жер басып алгандарга депутатка тиешелүү менчик жер менен имараттардын дайын-дарегин жергиликтүү бийлик берген. Ошондуктан жер ээлегендердин артында бийлик турат”, - деп эсептейт Кадыржан Батыров:

- Бийликтин структурасында иштегендер булар мэр, губернаторлордон баардык маалыматтарды алышып, даярдык менен барып, кайсы жерде кандай жерлер бар экенин билишкен. Бул иштин артында бийлик турат.

Депутаттын мындай пикири менен губернатордун орунбасары Камила Талиева макул эмес. Орунбасардын белгилешинче, депутат куру дооматын далилдөөсү зарыл, болбосо аны сотко берүү керек:

- Кадыржан Батыровдун мындай жер басып алуунун артында бийлик турат деген куру дооматына мен караманча каршымын. Ал киши мындай дооматты далилдер менен айтыш керек. Бул сөзүн керек болсо сотко бериш керек. Элдин ахывалы чындыгында начар. Үйгө кезекке миңдеген кишилер турат. Мэрияга коюп жатабыз маселени. Иппотекалык кредитти күтүп жатабыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG