Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Үркүндүн 90 жылдыгы белгиленет


Улуу Үркүндүн токсон жылдыгына карата иш чара 3-августта Жетиөгүз районундагы Барскоон айылында болот. Анда аш берилип, Үркүндө каза болгондордун арбагына багышталып куран окулат. Бул иш чарага президент Курманбек Бакиев да чакырылды. Бул тууралуу Үркүндүн токсон жылдыгын белгилөөнүн демилгесин көтөргөн «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Азимбек Бекназаров билдирди. Маалыматка караганда, Бедел ашуусундагы ачык асман алдында жаткан сөөктөрдү терип жашыруу үчүн топ Бишкектен 27-июлда Алатоо аянтынан жөнөп кетет.

Айданбек Акмат уулу

Аба ырайы

БИШКЕК. 24-июлда Кыргызстандын бардык аймактарында күн ачык болот. Тоолордо кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +17...+22, күндүз +30...+35 градус.
Талас облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +28...+33 градус.
Республиканын Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +17...+22, ал эми күндүз +31...+36 градус болот.
Нарында түнкүсүн +10...+15 градус, күндүз +24...+29 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...+26 градус.
Бишкек шаары боюнча абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +33...+35 градус ысык болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Күндүн узактыгы: 14 саат 46 мүнөт.

XS
SM
MD
LG