К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында “Маалымат өнүктүрүү” борбору ачылды. Аталган борбор Бүткүл дүйнөлүк банктын, швейцариялык кызматташтыкты өнүктүрүү башкармалыгынын, Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлигинин ошондой эле К. Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасынын демилгеси менен уюшулган. Борбордун бет ачар аземи аптанын шейшембисинде маданият министрлигинин өкүлдөрү, аталган банкттардын жетекчилери жана швейцариялык кызматташтыкты өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Келечекте китепкананын жамааты “Маалымат өнүктүрүү” борборунун фондунун негизинде өлкөдөгү эл аралык коомдордун иш-чаралары менен байланышкан жолугушуу кечелерди, талкууларды өткөрүүнү ниет кылышууда.
Аптанын шаршембисинде Бишкекте “Айкөл жазы - 2006” фестивалына тандоо жүрдү. Ага Чүй облусунун таланттуу жаштары катышышты. Ал эми калыстар тобу фестивалдын талабына ылайык фольклор, эстрада жана бий жанры боюнча таланттуу улан-кыздарды кабыл алышты. Тандоо туруна келген улан-кыздардын көпчүлүгү Бишкек шаарынан келген өнөрпоздор болду. Эми тандоодон өткөн улан-кыздар август айында Ысыккөлдө өтүүчү “Айкөл жазы - 2006” эл аралык фестивалында өнөрлөрүн көрсөтүшөт. 10-августтан 12-августка чейин өтүүчү иш чарага жер-жерлерден тандалып алынган, ошондой эле Орусия, Казакстан, Германия жана башка мамлекеттерден келген өнөрпоздор да катышат. Фестивалдын баш байгеси - автомашина. Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат.
Бул жумада ошондой эле Ысыккөл өрөөнүндө индия кинолорунун фестивалы өттү. Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган бул фестивалдын ачылышы Чолпоната шаарындагы “Чолпон” кинотеатрында болуп, ага Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышышты. Төрт күнгө созулган иш чаранын алкагында кино күйөрмандарына Индия кинорежисерлорунун колунан жаралган бир катар жаңы тасмалар тартууланды. Ошондой эле көпчүлүк элдин сүймөчүлүгүнө айланган эски тасмалардан да көрсөтүлдү. Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган фестиваль август айында түштүк жергесинде улантылат. Андан соң Нарында өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, индия кинолору ушул жылдын соңуна чейин өлкөнүн баардык дубандарынын тургундарына тартууланат. Ал эми Бишкектик көрүүчүлөр ага сентябрь айында күбө болушат.