Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Нарын шаардык кеңештин депутаттары жолду оңдоо талабы менен пикетке чыгууга даярданууда


НАРЫН. Мындай билдирүүлөр 24-июлда болуп өткөн депутаттардын шаардык кеңешинин кезексиз чакырылган 14-сессиясында бир катар депутаттар тарабынан көтөрүлдү. Үстүбүздөгү жылдын 19-май күнү Нарын шаарынын борбордук көчөсүнүн бузулган жерлерин жамап, оңдоо үчүн атайын марафон өткөрүлүп, андан жалпысы 1 миллион 900 миң сомдун айланасындагы каражат топтолгондугу жарыяланган. Натыйжада 16-июлдан тарта шаардын борбордук көчөсүн оңдоо иштери башталып, аны ишке ашыруу № 3 автожол өндүрүштүк линия башкармалыгына жүктөлгөн. Бирок “Кол кабыш” аттуу коомдук бирикмеси жана анын аткаруу дирекциясы жолду оңдоо иштеринде кемчиликтер кетирилип жаткандыгын сессияда билдирди. Сессияда бир катар депутаттар марафондон түшкөн каражаттарды пайдаланышын иликтөөнү укук коргоо органдарына тапшырып, ал эми жол башкармалыгынын жетекчилигин кызматтан кетирүү талабын көтөрүп чыгышты.

Айданбек Акмат уулу

Аба ырайы

БИШКЕК. Метеорология борборунун маалыматына караганда, 25-июлда Кыргызстанда аба ырайында өзгөрүүлөр болбойт. Айрым аймактарда абанын температурасы 38 градуска чейин ысыйт. Жумшак желаргы жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35 градус.
Таласта түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32 градус.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +33...+38 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30.
Нарын облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +29...+34 градус.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +33...+35 градус.

XS
SM
MD
LG