Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

АЗИЯЛЫК ТАЙМАШТА КЫРГЫЗСТАН 2 АЛТЫН, 3 КҮМҮШ, 4 КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ


Бириккен Араб эмираттары өлкөсүнүн Абу-Даби шаарында өткөн грек-рим жана эркин күрөшү боюнча жаштар арасында Азия чемпионатынан кыргызстандык балбандар 2 алтын, 3 күмүш, 4 коло медаль утуп алып, Кыргыз жергесине жеңиш менен кайтып келишти.

Азиялык таймашта эркин күрөштөн кыргызстандык 8 балбан мөөрөй талашты. Жеңил салмакта кыргызстандык спорт чебери Турарбек уулу Нурлан түштүк кореялык, жапаниялык атаандаштарын артыкчылык менен жеңип, баш байге үчүн таймашта дагы монгол балбанды утуп, Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды. Ал эми 66 кг салмактагы күч сынашууда Азия чемпионатынын алтын медалын кыргызстандык Ноорузбек Белеков утуп алып, анын жеңишинин урматына обого кыргыз туусу көтөрүлүп, гимн ойнотулду. Ошондой эле эң жеңил салмакта кыргызстандык Орозбек уулу Нурлан коло байгенин ээси болду. Жалпы командалык эсепте Иран өлкөсү биринчи, Казакстан экинчи жана Кыргызстан үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Кыздардын эркин күрөш таймашына Кыргызстандан үч кыз катышып, 55 кг. салмакта Кубатбек кызы Гүлина Азия чемпионатынын күмүш байгесине татыктуу болду. Мурда өлкөдө кыз- келиндер күрөшүнө маани берилбей келген. Азыркы учурда, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин директору Бектур Асановдун айтымында,
балбан кыздарга шарт түзүп, камкордукка алууга аракеттер көрүлөп жатат.

Ошондой эле Абу-Дабиде грек-рим күрөшүнөн Азиялык чемпионатта кыргызстандык балбандар 2 күмүш, 3 коло медаль утуп, жалпы командалык эсепте төртүнчү орунду Кыргызстан ээледи.

Жаш балбандар алтын байгеге жетпей арманда калганы менен жакшы ийгилик жаратканын өлкөнүн грек- рим күрөшү федерациясынын вице- президенти, Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Алмаз Касенов айтты:

- Кыргызстанды жаш балбандар даңазалады. Күмүш байге уткандар 60 кг. салмакта Кайрат Касенов жана 96 кг салмактагы Азат Эркинбаев, ал эми коло байгелүү болгондор: 50 кг салмакта Алмаз Түмөнбаев, 66 кг салмакта Асылбек Бөдөшев жана 84 кг. салмактагы Куралбек Ордобаев Азия чемпионатында байгелүү орундарды камсыз кылышты. Жаштардын дагы күч сынашаар, намыс талашаар мелдештери али алдыда. Бул чоң спорттогу алгачкы гана ийгиликтери. Мелдеш жогорку деңгээлде өттү.

Эми кыргызстандык өспүрүм балбандар августта Тайландда өтчү Азия биринчилигине жана күзүндө Кытайда болчу дүйнө чемпионатына барышмакчы. Эң негизги таймашуу- декабрда Катардын Доха шаарында өтчү 15- Азия оюндарына азыртан даярдыктар көрүлүүдө.


Кабыл Макеш
XS
SM
MD
LG